Бишкекте 22 жаштагы жигит оюнчук автомат менен жүргөнү үчүн айыпка жыгылды
RU

Бишкекте 22 жаштагы жигит оюнчук автомат менен жүргөнү үчүн айыпка жыгылды

Все самое интересное в Telegram

Бишкектин Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде белгисиз жаран BMW үлгүсүндөгү унаанын багажынан автоматты алып чыгып, кайра салып койгону тууралуу видео тараган.

Кийинчерээк Свердлов РИИБи тарабынан окуя каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодогу жаран 2004-жылы туулган А.К. экени аныкталды. Ага карата 126-берене ("Майда бейбаштык") боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, териштирүүнүн жүрүшүндө А.К. куралды өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Текшерүүнүн жыйынтыгында курал оюнчук экендиги аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18455