Камчыбек Ташиев белек тапшырганы үчүн инисине БШКга арызданышты
RU

Камчыбек Ташиев белек тапшырганы үчүн инисине БШКга арызданышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев №14-Жалал-Абад округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Ошого карабастан, жакынкы күндөрү Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылындагы Муратовдор үй бүлөсүнө менчик үйдүн ачкычын тапшырган. Курулуш иштерин толугу менен УКМКнын жетекчиси каржылаган.

Белгилей кетсек, талапкердин жакын туугандарына үгүт иштери учурунда кайрымдуулук менен алектенүүсүнө тыюу салынат. БШК бул маселени жумушчу топтун кезектеги жыйынында карап чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4043