Жаш ишкер Нурсултан: Окуйм дегендерге АКШда авиа тармагында мүмкүнчүлүктөр көп
RU

Жаш ишкер Нурсултан: Окуйм дегендерге АКШда авиа тармагында мүмкүнчүлүктөр көп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нурсултан Медеткулов жаш ишкер, логистика компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Учурда АКШда учкучтук кесипти да окуп жатат. Ал Америкада учкучтардын орточо айлыгы 125 доллар экенин жана бош учактар көп, аларды алып иштетүү мүмкүнчүлүгү да бар экенин видеодо түшүндурдү.

Нурсултан Америкада учкуч тармагында окууну каалагандарга жардам колун сунууга даяр экенин билдирди.

"Алгачкы кадамдарында көпүрө болуп бере алам. Окуу үчүн англис тилин түшүнүп, сүйлөй алса эле болот. Эч кандай тил экзамендеринен өтүүнүн кереги жок",- дейт.

Ошондой эле Нурсултан IT адиси. Анын Кыргызстанда аниме менен алектенген компаниясы бар. Алардын ютуб каналы күмүш баскычты алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4683