"Камактан чыгарым менен өлтүрөм". 13 жаштагы зордукталган кыздын атасын милиция коркуткан
RU

"Камактан чыгарым менен өлтүрөм". 13 жаштагы зордукталган кыздын атасын милиция коркуткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген милиция кызматкерлеринин бири кармалгандан кийин кыздын атасын коркуткан. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жабырлануучунун ата-энеси билдирди.

Анын айтымында, милиция бошотулаарым менен өлтүрөм деп коркуткан.

"Азыр эч ким чалбай эле. Бирок, кармалган адамдын бир тууган агасы тез-тез биз жакка каттап, кызым кайда барарын сурап турат. Ал ак BMW үлгүсүндөгү унаасы менен жүрөт. Ал дагы бийликте иштеген бирөө болуш керек деп ойлойм. Анын да жаман оюу бардай", - деди ал.

Дагы бир соттолуучунун апасы да кыздын атасы менен байланышып, маселени тынчтык жолу менен чечүүнү сунуштаган.

"Бул аял мурун да соттолгон биздин иш боюнча катыштыгы бардын апасы. Ал биз менен кварталдын жардамы менен сүйлөшүүгө аракет кылып, жадакалса акча сунуштаган. Экспертизанын таза чыгышына таянган. Биз макул болгон жокпуз", - деди жабырлануучу ата.

Жабыркаган кыздын үй-бүлөсү башка батирге көчүп кетишкен.

Эске салсак, Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши каралып жатат. Иш боюнча үч айыпталуучу бар, алардын экөө милиция кызматкерлери. Дагы бир адам тергөөдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучулар кызды зордуктап эле тим болбостон, балким аны башкаларга да сатып жиберишкен. Кыз чоң энеси жана агасы менен жашаган. Өспүрүм зордук-зомбулук тууралуу айтуудан коркуп айтпай жүргөн. Аны камап коёбуз деп коркутуп жүрүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7435