Кийинки жумада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат
RU

Кийинки жумада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен тастыкташты.

Эске салсак, 2017-жылдын 26-октябрында экс-президент Алмазбек Атамбаев жыл сайын 7-8-ноябрь күндөрү белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.

Быйыл 7-8-ноябрь дүйшөмбү жана шейшемби күндөрүнө туура келет. Ошондуктан беш күндүк иш графиги менен иштеген жарандар 5-8-ноябрга чейин эс алышат.

Кошумчалай кетсек, мектептерде күзгү каникулдар 31-октябрдан 6-ноябрга чейин болот.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8715