Бекжан Темирхандын тилегин аткаруу үчүн ачылган эсепке түшкөн каражат 1 миллиондон ашты
RU

Бекжан Темирхандын тилегин аткаруу үчүн ачылган эсепке түшкөн каражат 1 миллиондон ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Автокырсыктан каза болгон ырчы Бекжан Темирхан үчүн ачылган атайын эсепке 4-декабрга карата 1 миллион 76 миң сом каражат топтолду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сыймык Бейшекеев билдирди.

Бекжан Темирхандын мүдөөсүн аткаруу үчүн эсеп ачылган күнү эле кайрымдуу адамдардан 48 миң 213 сом түшкөн. Кийинчерээк Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев (5 миң доллар), Гүлшаркан Култаева (2 миң доллар) да кайрымдуулукка салым кошушту.

11-декабрда Спорт ордосунда Бекжан Темирханды эскерүү концерти болот.

Буга чейин Бекжан Темирхандын жолдоштору Сыймык Бейшекеевге "Үй-бүлөдө баарын көтөргөн Бекжан эле, "шаардан үй алып, ата-эне, бир туугандарымды көчүрүп келсем" деген тилектери аткарылбай калды, кандай кеңеш бересиз, кандай кылсак туура болот?", деп кеңеш сурап кайрылышкан. Ата-энесине "үй алып берсем" деген аруу тилегин арбагы ыраазы болсун деп маданият өкүлдөрү колго алып, концерт уюштурууда. Андан тышкары атайын эсеп да ачылган.

Белгилесек, "Эзилип бүттүм" ыры менен таанылган Бекжан Темирхан менен досу 10-ноябрда Кемин районунда жол кырсыгына кабылган. Унаа жолдон чыгып, жардан ылдый оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Бекжан Темирхан окуя болгон жеринде көз жумган. Ал эми Талгар Уланбеков оор абалда ооруканага жаткырылган.

12-ноябрда ырчынын сөөгү туулуп-өскөн Аксы районунун Беш-Коро айылында жерге берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9484