Өзбекстан бизге 10 000 мөмө-жемиш көчөтүн, 1000 тонна күздүк буудай берүүгө даяр
RU

Өзбекстан бизге 10 000 мөмө-жемиш көчөтүн, 1000 тонна күздүк буудай берүүгө даяр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан айыл чарба жана азык-түлүк камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча Практикалык чаралар планына ("Жол картасына") кол коюлду.

Аталган документке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Жол картасында айыл чарба продукциясын, анын ичинде карттөшкө, үрөн ташуу, эки өлкө аймагында дан жана башка өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун тажрыйбалоо, каттоого алуу жана жол берүү, Өзбекстандын жогорку окуу жайларында студенттерди "мал чарбачылыгы" багыты боюнча окутуу, ошондой эле илимий-иликтөө институттарынын базасында кызматташуу маселеси каралган.

Мындан тышкары, өзбек тарап Кыргыз Республикасына 10 000 мөмө-жемиш көчөтүн, 1000 тонна күздүк буудай жана 500 тонна "Султан" сортундагы пахта үрөнүн берүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле аянты 1000 квадрат метр келген күнөскана куруу, эт жана мал экспорттоо, этти иштетүүчү биргелешкен ишканаларга инвестицияларды тартуу мүмкүндүгүн талкуулады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/974