Бишкектин жанындагы айылдан өрт чыгып төрт киши каза болду, анын ичинде үч бала. Фото
2580
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өрт чыгып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Берилген маалыматка ылайык, кечээ 13-декабрда, саат 14.36да Новопоровка айылынынын түштүк тарабында жайгашкан кашарда өрт башталган. Анын натыйжасында төрт адам каза болду. 1995-жылы туулган энеси, 2016-жылы туулган кызы жана 2014, 2017-жылы туулган эки уулу.
Өрт 320 кв.м аянт жерге кесепетин тийгизген. Саат 15:14тө өрт чектөөгө алынып, 20.47де толугу менен өчүрүлгөн. Оттун тутануу себеби аныкталууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/98