Кыргызстанда алгачкы ата мекендик "Тулпар Моторс" унаа заводу ачылды
RU

Кыргызстанда алгачкы ата мекендик "Тулпар Моторс" унаа заводу ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда алгачкы унаа заводу ачылды. "Тулпар Моторс" деп аталган ишкана өлкө аймагында жеңил, жүк ташуучу автомобилдерди жана автобустарды чыгаруу боюнча биринчи ата мекендик завод. Анын ачылышына Kaktus.kg редакциясы катышып кайтты.

Чыгарылуучу техниканын түрү – жеңил автомобилдер, жүк ташуучу автомобилдер, автобустар. Өндүрүш технологиясы – General Motors. Сатып алуучуларга жеңилдетилген насыянын шарттары каралган.

Заводду расмий түрдө Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери ачты.

Долбоор Кыргызстандын "ДТ-Техник" жоопкерчилиги чектелген коом, "UzAuto" акционердик коому тарабынан

2023-жылдын 27-январындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык ишке ашырылган.

Эске салсак, Өзбекстандын президенти Мирзиёевдин Кыргызстанга 2023-жылдын 26-27-январында жасаган мамлекеттик иш сапарында автомобилдик жана коммерциялык техниканы өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жана коммерциялык техниканы өндүрүүнү уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу болуп саналат.

Долбоордун алкагында 1000 жаңы жумушчу орун түзүлөт жана инвестициянын көлөмү 50 млн АКШ долларын түзөт.

Долбоорду үч этапта ишке ашыруу пландалууда:

  • 1-этап – Кыргыз Республикасынын жарандарынан 100 жаңы жумуш орундарын түзүү менен 10000 бирдик автомобилге чейин SKD ыкмасы боюнча (ири түйүндүү куроо) өндүрүштү уюштуруу;
  • 2-этап – Кыргыз Республикасынын жарандарынан 400 жаңы жумушчу орундарын түзүү менен өндүрүш иштери башталгандан кийин 4-5 жыл аралыгында 20000 автомобилдин автокомпоненттерин өндүрүү;
  • 3-этап – SKD өндүрүшүнөн (майда түйүндүү куроо) кийин 6-жылы жалпы 30000 бирдик автомобилди чыгарууну уюштуруу. Ушул этаптан баштап жана ушул макулдашуунун алкагында транспорт каражаттарын өндүрүү үчүн комплекттөөчүлөрдү берүүчүлөр катары Кыргыз Республикасынын өндүрүүчү – резиденттери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынан 1000 жаңы жумуш орундарын түзүү менен өз продукцияларын тиешелүү сертификаттоого ээ болгон башка өндүрүүчүлөр чыгышат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16695