Аллергия тукум кууйт. Адистер ооруга каршы бир катар сунуштарды берди
RU

Аллергия тукум кууйт. Адистер ооруга каршы бир катар сунуштарды берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аллергиялык оорулар – бул оорулардын чоң тобу. Анын ичинде шишик, анафилактикалык шок, бронхиалдык астма жана өмүргө анчалык коркунуч туудурбаган оорулар: аллергиялык ринит, атопиялык дерматит жана башкалар бар.

Аллергия ар кандай себептерден улам пайда болушу мүмкүн, алардын негизгилери:

  • Жагымсыз экологиялык шарттар - өнөр жай аймактарында жашоо, күйүп жаткан желимдер, ичүүчү суунун сапатсыз курамы ж.б.;
  • Стресс - жакындарын жоготуу, үй-бүлөдөгү чыр-чатактар, жумуш;
  • Жаман адаттар - тамеки чегүү, маңзат колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү, аллерген камтыган тамак-ашты ашыкча керектөө ж.б.;
  • Жагымсыз эмгек шарттары - көбүнчө адамдар ар кандай химиялык кошулмалар бар (лактар, боёктор, порошок, жер семирткичтер ж.б.) каражаттар менен иштешет;
  • Тукум куучулук факторлор - аллергия ата-энеден балдарга, бир же бир нече муун аркылуу өтөт;
  • Иммундук оорулар.

Аллергиянын түрлөрү

Аллергиялык реакциялар аллергендин түрүнө, ошондой эле организмге кирүү жолдоруна жараша бир нече түргө бөлүнөт.

  • Чаңга аллергия көбүнчө сезондук болот. Ал кээ бир өсүмдүктөрдүн гүлдөө мезгилинде пайда болот. Организмдин чаңчага болгон реакциясы менен мүнөздөлгөн өтө кеңири таралган түрү жаз жана жай мезгилинде күчөйт;
  • Тамак-аш аллергиясы - бул тамак-ашка же тамак-аштын компоненттерине болгон реакция. Аллергендик азыктар: мөмө-жемиштер, сүт, балык жана деңиз азыктары, буурчак өсүмдүктөрү, тоок жумурткалары жана башкалар;
  • Дары-дармектерге аллергия - тез же жай реакция менен коштолот.
  • Суукка аллергия - дененин ткандарында белоктордун өзгөрүшүнөн келип чыгат, ал суук тийүүдөн пайда болот. Суук тийгенде иммундук система өзүнүн белокторун бөтөн деп кабыл алып, аларга чабуул жасап, аллергиялык реакцияны козгой баштайт;
  • Күнгө болгон аллергия - ультра кызгылт көк нурлануунун таасири астында белоктор өзгөрүп, натыйжада иммундук система өзүнүн компоненттерине бөтөнчө реакция жасай баштайт.

Аллергиянын жогоруда айтылган түрлөрүнөн тышкары, кеңири таралган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет: жаныбарларга, курт-кумурскалардын чакканына, кош бойлуулук учурундагы аллергия жана башка.

Бул сындуу ар кандай патологиялар үчүн диеталык сунуштар олуттуу айырмаланат. Бирок бардыгы үчүн пайдалуу боло турган бир катар сунуштар бар дешет Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан. Алар:

  • Аллергиянны кайсы түрү менен жабыркап жатканыңызды аныктоо үчүн тест же анализден өтүү сунушталат.
  • "Уруксат берилген" жана "тыюу салынган" тамактардын так тизмеси боюнча аллерголог менен макулдашып алуу керек. Диета кармоо менен аллергияны басаңдата аласыз.
  • Азыктардын жаңы түрүн биринчи жолу даамдап жатсаңыз өтө этият болуу керек. Эң жакшысы үй шартында жана жардам бере турган жакындардын жаныңызда болгону жакшы.
  • Тамакты нак бышкан чийки азыктардан даярдоо керек. Эт менен балыкты аз-аздан гана сатып алуу оң.
  • Жарым фабрикаттарды, консерваларды, майонезди жана башка соустарды колдонбоо шарт. Эч качан сатып алынган даяр продуктунун курамына толук ишенүүгө болбойт.
  • Жей турган ар кандай даяр тамактын курамын кылдат изилдөө керек.

Адистер белгилегендей, аллергия тукум кууйт. Оору айрым учурда жоголуп кетиши мүмкүн, кээде бир канча убакытка жок болуп, кайра пайда болуп калат.. Ошондуктан тыкыр көзөмөл жасоо керек.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12611