Бишкекте, Ошто унаалардын кыймылына чектөө киргизүү сунушталууда
RU

Бишкекте, Ошто унаалардын кыймылына чектөө киргизүү сунушталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы шаар ичинде унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизүүнү сунуштоодо. Муниципалитет тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Документте айтылгандай, мэрия тарабынан атайын изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ага ылайык, айдоочулардын 52%дан ашыгы унаада жалгыз, 33%ы бир жүргүнчү менен, 10%ы эки жүргүнчү менен жүрөрүн көрсөткөн. Ал эми унаалардын 3,2%ы гана үч же андан көп жүргүнчүлөрдү ташыйт.

"Башкача айтканда, шаар жолдорундагы унаалардын 85%ы жарым-жартылай бош жүрүп, жол инфраструктурасына кошумча жүктөрдү жаратып, тыгындын пайда болушуна шарт түзөт", - деп белгиленет документте.

Мындан улам Бишкек жана Ош шаарларындагы республикалык маанидеги жолдордогу тыгынды азайтуу максатында шаарлардагы жолдордо транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, унаалардын мамлекеттик номерлеринин акыркы сандарына карап чектөөлөрдү киргизүүнү камтыган чаралар сунушталат.

Эгер унаанын номеринин акыркы сандары:

  • 1 жана 2 сандары менен аяктаса – дүйшөмбү сайын;
  • 3 жана 4 сандары менен актаса – ар шейшембиде;
  • 5 жана 6 сандары менен аяктаса – ар шаршемби күнү;
  • 7 жана 8 сандары менен аяктаса – ар бейшемби күнү;
  • 9 жана 0 сандары менен аяктаса – ар жума күнү жол кыймылына чектөө киргизилет.

Бул чектөөлөр ишемби, жекшемби жана жумуш эмес майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын саат 7:00дөн 21:00гө чейин иш күндөрү колдонулат деп болжолдонууда. Мындай аракет менен шаарлардагы республикалык маанидеги унаа жолдорундагы тыгын 20% азаят дешет мекемеден.

Мыйзам бузгандарга:

  • физикалык жактарга 1 миң сом;
  • юридикалык жактарга 5 миң сом айып пул салынат.

Башкача айтканда, республикалык маанидеги жолдордо аптасына бир жолу гана унаалардын кыймылы чектелет. Бирок бул чектөө атайын, нөөмөттөгү жана коомдук унааларга жайылтылбайт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Sputnik/Акылбек Батырбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16736