Эми Кыргызстанда Аталар күнү майрамдалат
RU

Эми Кыргызстанда Аталар күнү майрамдалат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө" мыйзамына кол койду. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам менен жыл сайын белгиленүүчү Аталар күнү (15-март) жана Энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) белгиленет.

Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.

Белгилесек, мыйзам долбоорун депутаттар Медербек Алиев, Кубанычбек Самаков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Эльмурза Сатыбалдиев жана Айбек Маткеримов иштеп чыккан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16767