"Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу "Даңк" медалы менен сыйланды
RU

"Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу "Даңк" медалы менен сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору, манасчы Азиз Биймырза уулу "Даңк" медалы менен сыйланды. Мындай сыйлыкты президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде театрдын имаратынын ачылышында тапшырды.

Бул сыйлык "Манас" эпосун сактоого, ошондой эле айтуучулук өнөрдү жана төкмө чыгармачылыгын илгерилетүүгө жана жайылтууга кошкон чоң салымы үчүн ыйгарылды.

Белгилесек, аталган театр 2021-жылы "Манас" эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн. Президенттин жарлыгы менен 2022-жылы театрга улуттук макамы берилген.

Жаңы театрдын имаратынын курулушу 2022-жылы жайында башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15975