Айтурган Маматкулованын өлүмүнө шектүү камакка алынды
RU

Айтурган Маматкулованын өлүмүнө шектүү камакка алынды

Все самое интересное в Telegram

26 жаштагы Айтурган Маматкулова аттуу келиндин өлүмүнө шектелип кармалган күйөөсү камакка алынды. Маалыматты редакцияга жактоочу Жанатбек Гүлжигитов билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 1-сентябрда Октябрь райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карады. Соттун чечими менен келиндин күйөөсү 30-октябрга чейин камакка алынды.

Белгилесек, Айтурган Маматкулова 7-июлда ооруканалардын биринде каза болгон. Дарыгердин алгачкы корутундусуна ылайык, келин дары-дармекке ууланганын Октябрь РИИБден билдиришкен. Жолдошу келин өзүн-өзү өлтүргөн деген версияны айткан. Бирок келиндин жакындары Айтурган киши колдуу болгон деп эсептешет.

12-июлда Бишкек шаардык Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Август айынын аягында шектүү катары Айтурган Маматкулованын күйөөсү - 1998-жылы туулган Н.Т. кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17146