"Ушуну көрмөк дешкен". Соң-Көлдү сүзүп өтүп, рекорд жасайм деген Султандын маеги
RU

"Ушуну көрмөк дешкен". Соң-Көлдү сүзүп өтүп, рекорд жасайм деген Султандын маеги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милициянын мурдагы кызматкери Султан Жумабек уулу ушул жылы Соң-Көлдү сүзүп өтүп, "Гиннесстин рекордор китебине" арыз тапшырууну көздөп жатат. Спортчу мындай аракети менен буга чейин боло элек жаңылыкты жасап, өлкөнүн атын чыгарсам дейт.

Kaktus.kg Султан Жумабек уулунун даярдыктары, дымагы жана мурдагы кесиби тууралуу маектешти.

Маалымдама: Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашкан Кыргызстандын түштүк-чыгышындагы көл. Аталган көл өзүнүн тунук кашка суулары жана кооз пейзажы менен белгилүү.

Соң-Көлдү буга чейин эч ким сүзүп өтпөптүр

- Буга чейин Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд жаратам дедим. Гиннесстин китебине кирүү үчүн эмне жасоо керектигин карап чыктык. Көлдү узунунан сүзүп өтсөк рекорд жарата албайт экенбиз. Бардык варианттарын карап, соңунда Соң-Көлдү сүзүп өтүүнү чечтик. Башка көлдөрдө сүзүүгө караганда Соң-Көлдө спорттук иш-чара өткөрүү алда канча жетишкендик болот экен. Биздин мамлекет үчүн да жетишкендик болот. Андан тышкары бул көл өзүнүн экстремалдуулугу, кашка суусу жана 3000 метр бийиктикте тургандыгы менен өзгөчөлөнөт. Ошондой эле дүйнө жүзүндө бир дагы спортчу андай бийиктиктеги көлдү сүзүп өтпөптүр.

Гиннесстин китебине кирүү үчүн узун аралыкка сүзүү же дем албай сүзүү эмес, дүйнөдөгү жок нерсени жасоо. Командам менен ошонун баарын талдап, Соң-Көлдү тандадык.

Ал эми канча аралыкка сүзөбүз азырынча белгисиз. Азыр бизде эки жол бар. Биринчиси, кыска аралыкка дем алуусуз сүзүү, бул сууда сүзүүнүн чыныгы эрежеси болуп саналат. Сууга түштүңбү, демек сени байкап, коштоп бара жаткан кайыкка да колуңду тийгизүүгө болбойт, аягына чейин сүзүп барышың керек. Экинчиси, узун аралыкка сүзүү. Мында токтоп эс алып, сүзүүнү кайра улантса болот.

Соң-Көлдө спорттук иш-чара өткөрүү үчүн көп акча керектелет. Биздин эсеп боюнча, орточо 7-8 миң долларга чейин каражат керек экен. Бул суммага күчтүү тамак-аштар, витаминдер, спорттук формалар жана жол кире кирет. Мен машыгып жаткан World Class клубу өзү мурда иштешкен компанияларга "биз ушундай иш-чара өткөргөнү жатабыз, бизге өнөктөш болгула" деген билдирүүлөрдү жөнөттү. Бирок сумманы укканда көпчүлүгү жооп бербей койду. Азыр бизди Альпинизм федерациясы жана Nomad Sport колдоп чыгып жатышат.

Учурда демөөрчү издеп жаткан кезибиз. Акча маселеси чечилсе эле биринчи кезекте Гиннесстин өкүлдөрүнө кат жөнөтүшүбүз керек. Андан кийин даярдыкты күчөтүү үчүн Соң-Көлгө жөнөп кетебиз.

Азыр бассейнде көп убакыт өткөрүп жатам. Жайында көпчүлүк спортчулар менен көлгө барып турам. Сыртта, залда чуркап, велосипед тебем. Кандай көнүгүүлөрдү жасай турганымды машыктыруучулар чечет. Ошолордун көрсөтмөсү менен машыгып жатам.

Өзүмдү сыноо үчүн Ысык-Көлдү 25 чакырым сүзгөм

Султан Жумабек уулу 2022-жылы Ысык-Көлдү 25 чакырым аралыкта сүзүп өтүп, Кыргызстанда биринчи болуп ультратриатлон аралыкты - 13 чакырымга сүзүү, 340 чакырым гавеложарыш, 52 чакырымга чуркоо боюнча жеңишке жетишкен.

- Анда бассейнге да келе элек кезим болчу. Сүзгөндү деле билбейм, телефондон карап алып бир-эки чабак урганды үйрөнүп алып, жумуштан өргүү алдым да көлгө кеттим. 10 күндөй сууга түшүп жүрдүм. Анан пансионаттын ээлерине айтсам жардам беришти. Эң алгачкы тажрыбайма көлдүк бир туугандар аябай жардам көрсөтүштү, ыраазычылык билдирем. Ошол жактагы тааныш балдар менен Гугл картадан Чолпон-Атадан Бостериге чейинки аралыкты карасак, 10-12,5 чакырымды түзөт экен. Ошентип бир жээктен экинчи жээке сүзүп барып, кайра келмей болдум. Мени кайык менен коштоп жүрө турган адамды дайындап, сүзүүнү баштадым. Суудагы адамга толкундун кандай экени билинбейт экен. Жамгыр жаап баштаганда жээкке чыгарып салат, ошондой кыйынчылыктар менен 8,5 жарым саат сууда сүздүм. Ортодо эс алып, кайыктан тамактанып жаттым.

Бул биринчи тажрыйбам болгондуктан спорттун эрежелерин билген эмесмин. Ысык-Көлдү сүзгөнүм өзүмдү текшерүү, сыноо үчүн болгон. Бул менин даярдыгым, а негизги максатым - дүйнөлүк рекордду жаратуу.

Милициядан кетүү себеби

- Кичине кезимде аскер адамы болом дечүмүн. Орто мектепти аяктагандан кийин армияга барып, 1 жылдын ичинде аскердик тармакка болгон кызыгуум таркап кетти. Эл менен иштешип, элге кызмат кылайын деп милиция кызматына келгем. 7 жыл иштептирмин. Ошондон бери көптөгөн адамдар менен тааныштым. Көптөгөн жерлерге бардым. Жетекчилик менен көптөгөн иштерди аткардык. Спорт жагынан ИИМге арнап бир катар иш-чараларга катышып жүрдүм. Колумдан келген нерселерди жасап, жакшы салым кошконго аракет кылдым. Милицияда иштегенден кийин мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турат да. Спорт менен кызматты айкалыштыруу мага кыйын болду. Себеби, машыгуулардан кийин эс ала турган учурда жумушка барышың керек, кээде айгай жарыяланып калат же дагы башка нерсе. Ушундай учурларда толук кандуу эс алуу жок, көптөгөн иш-чараларга катыша албай калдым.

Алдыда чоң жоопкерчиликтүү иш башталганы турат. Соң-Көлдө спорттук иш-чара өткөрүү дүйнөлүк иш-чарадай эле. Ушуга келгенде мага өтө кыйын болуп баштады. Себеби даярдыкка көп убакыт керек.

Менин командам эле демөөрчү табалы, спортчубузду көтөрөлү деп чуркап жатышат. Алар антип жүрсө мен бош эмесмин, жумушта элем деп отура алган жокмун. Мындан улам кызматымды убактылуу тапшырдым.

Спорттон жарым жылга четтеп калуусу

- Кызмат менен спорттун ортосунда жүргөндө оор учурларым болду. Мисалы чоң иш-чарага катышып келгенден кийин реаблитация болушуң керек, кем дегенде эки ай эс алышың керек. Бирок менде андай болгон жок. Өргүү учурунда иш-чараларга катышам, кайра эле жумушка барам. Бир учур болгон, спорттук иш-чарадан келерим менен эле жумушка чыктым. Анда аскердик даярдыктан өтүү башталган экен, андан өтпөй койгонго болбойт. Оор машыгуулардан кийин бутум ооруй баштады. Ооруканага барып, текшерүүдөн өтсөм, сол бутум катуу жабыркап калган экен. Өзүмдү тобокелге салыптырмын, бул менин күнөөм болду. Дарыгерлер "бутуңдун жаракаты менен 1-2 жыл спортко жарабайсың, жолобо" дешти.

Жарым жылга спорттон четтетилип калдым. Айрымдар "Султан ушуну көрмөк" дешти. Бул абал мен үчүн жашоодогу сынган учурум болду.

Бир күнү залга келсем машыктыруучум "сеникиндей жаракат алган адам менен тааныштырам, ошол сага жардам берет" деди. Таанышкан адамдын айтуусу менен бутума мазь сүйкөп, сууда сүзүп, велосипед тээп баштадым. Бутум ырасында эле ооруп жатты, аксап жүрдүм. Ошол ыкма менен 6 айда бутум айыкты.

Спортчу Султан Жумабек уулу Соң-Көлдү сүзүүдөн тышкары максаты альпинист болуу экенин кошумчалады. Айтымында, 1-майда Комсомол чокусуна чыгып көргөн. Ошондо альпинизмге кызыгуусу пайда болгонун белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16693