"5 жыл - көп убакыт". Министрлик мектеп директорлорунун иштөө мөөнөтүн кыскартат
RU

"5 жыл - көп убакыт". Министрлик мектеп директорлорунун иштөө мөөнөтүн кыскартат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мектеп директорлору менен түзүлгөн келишимдин шарттары өзгөрөт. Бул тууралуу билим берүү министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 6-сентябрда мектеп директорлорунун катышуусунда өткөн жыйында айтты.

Учурдагы жобого ылайык, мектеп директорлору сынактын негизинде 5 жылга дайындалат. Каныбек Иманалиев беш жыл өтө эле көп деп эсептейт. Анын айтымында, жумушка орношуу шарттарын өзгөртүп, ага жаңы жетекчилер эки жылдын ичинде жыйынтыктарды көрсөтүшү керек деген шартты кошуу керек: бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТдагы жыйынтыктарын жогорулатуу, "Алтын тамга" алгандарды көбөйтүү. Эгер мындай жыйынтык болбосо директорлор менен түзүлгөн келишим эки жылдан кийин бузулуп, бош орунга жаңы сынак дайындалат.

"Директорлор беш жылга дайындалат. Бирок директор мектепте бир нерсени өзгөртөт эле деп күтүүгө балдардын убакыты жок. Андыктан биз жумушка алуу шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек", - деди министр.

Анын айтымында, учурда бул маселе Билим берүү министрлигинде иштелип жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14280