Диний сөздөрдү фирма, компаниялардын аталышында колдонууга тыюу салынды
RU

Диний сөздөрдү фирма, компаниялардын аталышында колдонууга тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттин адинистрациясы маалымдады.

Мыйзам ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди жана аныктамаларды пайдаланууга тыюу салган укуктук ченемдерди түзүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-беренесинин 1-бөлүгү пайда алуу негизги максат катары коюлбаган диний коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт деген ченем менен толукталат.

Диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмеги жана аларды пайдалануу тартиби Министрлер кабинети тарабынан бекитилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16740