"Батуми" кафесинин ордуна сейил бак курулду. Ал 1-сентябрда расмий ачылат
RU

"Батуми" кафесинин ордуна сейил бак курулду. Ал 1-сентябрда расмий ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-сентябрда Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндөгү мурдагы "Батуми" ресторанынын ордуна курулуп жаткан жаңы сейил бак расмий колдонууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы Kaktus.kg редакциясына билдирди. Буга ылайык редакция кафенин ордуна салынып жаткан парк менен таанышып кайтты.

Маалыматта айтылгандай, курулушту Мамкурулуш агенттиги ишке ашырууда.

Учурда акыркы иштер аткарылып, сейил бактын кире беришиндеги арка салынып жатат.

Мекеменин башчысы Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында вице-мэр болуп турган маалда, мыйзамсыз объектилерди тазалоо жумуштарынын алкагында былтыр 24-майда калаанын Жал кичирайонунда жайгашкан "Батуми" ресторанын курулуш нормаларын сактабаганы үчүн бузган. Анын ээси Кадича Бечелова экскаватордун алдына туруп, жер тилкени сатып алганын, кафени мыйзамдуу салганын айтып, президент Садыр Жапаровго чейин кайрылган болчу.

Мындан улам чыр чыгып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев объекттин ээлери менен жолуккан. Андан кийин атайын кызмат вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин "Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" деген эки беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Орунтаев болсо УКМКга сурак берип чыккан.

Атайын кызмат тергөө учурунда Нурдан Орунтаев жабыркаган тараптын чыгымын төлөп берүү милдетин алганы, ошондуктан тергөөчүлөр чакырганда барып туруу убадасы менен коё берилген. Келтирилген чыгым 3 миллион сом экени кабарланган. Орунтаев кийин бул сумманы төлөп берген-бербегени тууралуу суроолорго жооп берген эмес.

Нурдан Орунтаев өз жүйөлөрүндө "кафе ээси менен ижаранын мөөнөтү бүткөнүн, алардын иши мыйзамдуу экенин айткан". Ал ошондой эле "жеңил конструкция курулушу керек болгон жерге ишкер капиталдык курулуш салып алганын айтып, аны бузууга он күн убакыт берилгенине карабай талапты аткарбай коюшканын" тактаган.

Орунтаев бул окуядан алты айдан кийин – 2023-жылдын ноябрында вице-мэрликтен кетип, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган.

Редакция 3 млн сом боюнча суроону бир нече жолу Орунтаевге узаткан. Бирок так жооп ала алган эмеспиз. Бирок Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы менен байланышканыбызда мэриядан суроо керек экенин айтты. Мэрия да бул акчанын төлөнүп-төлөнбөгөндүгү тууралуу жооп бере элек. Kaktus.kgредакцияга өздүк булактар тараптар сүйлөшүү жолу менен маселени чечип, "Батуми" ресторанынын ээлерине 12-кичирайондон жер берилгенин маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17113