"Уран чаң менен көлгө, баарына зыянын тийгизбейби?". Геолог Кызыл-Омпол кени боюнча
RU

"Уран чаң менен көлгө, баарына зыянын тийгизбейби?". Геолог Кызыл-Омпол кени боюнча

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызыл-Омпол кенин иштетүү боюнча президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ойлорун билдирип, урандын көлөмү аз экенин, кенди иштетүү коопсуз болоорун, башка баалуу металлдар бар экенин, алар экономикага чоң киреше алып келээрин айтып жатышат.

19-февралда президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарында Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өз күчү менен экологияга зыян келтирбей иштете турганын белгилеген.

Ооба, дүйнөлүк практикада уранды айланага, экологияга, адамдарга зыяны тийбегендей кылып казып алуу практикасы бар. Бирок, бийлик ал практиканы колдоно алат деп ишенүүгө болобу? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Kaktus.kg редакциясы геолог Дүйшөн Камчыбеков менен маек курду.

Дүйшөн Камчыбеков коомчулукта бул маселе боюнча эки ача ой-пикирлер калыптанып жатканын түшүнөт. Ал айтылып жаткан 5 участоктун биринде гана толук чалгындоо иштери жүргөнүн айтып өттү. Анын айтымында башка 4 тилкеде чалгындоо иштери жүргөн эмес.

"Кызыл-Омпол кенинде чалгындоо иштери 1951-жылы башталган экен. 1964-1965-жылдарда бир участогу боюнча толук, ал "Таш-Булак" деген участок жана анын ылдый жагындагы "Баке" деген участокто болжолдуу чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Чалгындоодон кийин анын кору аныкталып, бирок баланска коюлбай келген. Биринчи жолу ошол жердеги кендин кору Геология мамлекеттик кызматынын алдында мамлекеттик комиссия түзүлүп, алардын ишинин жыйынтыгы менен 2015-жылы биринчи жолу баланска коюлган экен. Бул бир эле "Таш-Булак" деген участок боюнча. Ал жерде бүгүнкү күндө "россыпь" түрүндө, бул - жердин үстүндө ачык жол менен иштетүү деп 5 жер тилке жөнүндө сөз кылып, айтып жатышат.

Бүгүнкү күндө ачык жол менен карьер түрүндө иштете турган ушул 5 тилке жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок, 6 участок боюнча толук алардын кору аныкталган эмес. Бир эле "Таш-Булак" боюнча кор аныкталып, Мамлекеттик комиссиянын балансында турат. Бүгүнкү күндө 1,6 миллион тонна титаномагнетит бар, 3,5 миң тонна уран бар, 8 миң тонна торий бар, 10 миң тоннага жакын фосфор, анан 24 миң тоннабы, ушундай цирконий бар деп айтылып жатат да" - дейт ал.

Кызыл-Омпол кени тууралуу сөз болгондо кеп 5 тилке (участок) тууралуу болуп жатат. Геолог алар тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

  • Биринчиси - "Таш-Булак", бул Кубакы жолуна чыга бериш жеринде, жолдун эки тарабында, жолдун астында да жайланышып калат. Ал жаткан "Датка Кемин" электр берүү линиясы да өтөт экен.
  • Экинчи участок - бул "Баке" деп аталат. Ал Кубакы белинен Кочкор тарапка түшө бериш жеринде, Орто-Токой суу сактагычына жакыныраак жеринде экен.
  • Үчүнчү участок - "Узун- Сай" - бул түздөн-түз Орто-Токой суу сактагычынын жанында жана ичинде жайгашкан деп айтсак болот.
  • Төртүнчү участок - "Түндүк" деп аталат. Бул Кубакы белине бурулаарда "Көк-Мойнок" деген айыл бар эмеспи, ошонун үстү жагында жайгашкан.
  • Анан "россыпь" түрүндөгү акыркы участок - бул "Ак-Өлөң" деген айылдын жанындагы Оттук деген тилке.

Геолог "Кызыл-Омпол" тууралуу дагы бир нерсеге токтолду. Ал жогоруда аталган тилкелердин айрымдары аркылуу электр линиялары өтө турганына айтты.

"Таш-Булак" жалгыз участок болуп, кору баланска коюлуп атса дагы, ал кен жолдун астында жайгашып калган, ал жерден электр линия да өтөт. Ошого байланыштуу комиссия 2019-жылы кайра карап чыгып, "корголгон аймак" болушу керек деп, кээ бир кендердин көлөмүн ошол корголгон аймакка калтыруу керектигин айткан", - деп кошумчалады геолог.

Металлдар жеринде бөлүштүрүлбөйт

Дүйшөн Камчыбековкен казылса экономикага пайда болоруна ишенет бирок, эң биринчи бийлик Кызыл-Омпол кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздукту эске алышы керек деп эсептейт.

"Бизде кайсыл кендин түрү болбосун, эки факторду эске алышыбыз керек. Биринчиси: ошол кенди биз иштетсек, өлкөбүзгө экономикалык пайда болобу? Биз кенди иштетип жаткан учурда экологияга зыяны тийбейби? Биз ошол эки факторду эсептеп чыгып, ошонун жыйынтыгы менен гана чечим кабыл алышыбыз керек", - деп кошумчалады геолог.

Аталган кенде титаномагнетит, уран, торий, фосфор, цирконий - беш металлды казууда металлдар жеринде бөлүштүрүлбөйт. Бардыгы толугу менен казылып алынат. Геолог бул процесс тууралуу - кенди казууда уран чаң менен көлгө, экология жана жалпы жаратылышка зыянын тийгизбейт деп кепилдик бериши керек дейт.

"Металлдар жер катмарынын астында. Кендин курамында, мисалы топурак катмары болсо, анын алдында кум, шагыл бар экени айтылууда. Биз үстүндөгү катмарды ачып алганда, эгер чаң болсо, чаң сууга кошулса, шамал менен өсүмдүктөргө тараса - анын канчалык деңгээлде зыяны бар же заяны жок? Ошого биз биринчи кезекте жооп табышыбыз керек. Эксперттик жакшы корутунду керек. Анан ошону коомчулукка алып чыгыш керек.

Мисалы, Кубакы белинде. Ал жерде жайыт жерлер көп. Мүмкүн аларга деле зыяны тийип жатат. Ошол боюнча да изилдөө иштерин тыкыр жүргүзүү керек. Эгер кенди казып ала баштасак, уран булак сууларга кошулуп кетсе, канчалык деңгээлде зыяндуу болот же болбойт. Толук кандуу изилдөө керек", - деди ал.

Дүйшөн Камчыбеков Кызыл-Омпол кениндеги уран табигый экенин айтты. Ошондуктан комиссия табигый менен байытылган уранды айырмалап, радиациясы кооптуубу же коопсузбу аныкташы керек.

"Табигый уранда радиациялык көрсөткүч төмөн болуп турса, эми ал жерде микрорентген саатына 50дөн ашып кетсе, зыян болуп калат. Ошол эле учурда, бардык металлдарды алып кетсек - тазаланып да калышы мүмкүн. Себеби, ал жерден жеңил эле жол менен гравитация, магниттик сепарация менен эле жууп-чайкап, бөлүп алып, анан Кара-Балтага алып кетебиз деп жатышат.

Бирок, Кара-Балтанын тегерегинде калдык сактоочу жайлар көп. Алар союздан калган. Биз аны кайра ачып же жандандырып же үстүнө төгүп, келечекте кооптуулук маселе жаратып койбойбузбу? Мисалы, Узун-Сай деген участок Орто-Токой суу сактагычынын теңинен көбүндө жайгашат экен. Биз четинен казып ала баштаганда чаңы менен, аралашмасы сууга кошулуп кетсе, биздин кошуналар дагы сөз кылбайбы?", - деген суроолру бар.

Ысык-Көл биосфералык аймагынан Кызыл-Омполду чыгаруу керек

Геолог ал кенден түшчү акчанын суммасын айтууга болбой турганын белгилеп, кен өзүн-өзү актагандан кийинки экономикага пайданы болжолдоого эрте деп кошумчалады. Ал кен казыла турган болсо Ысык-Көл биосфералык аймагынан Кызыл-Омполду чыгарышыбыз керек дейт. Себеби, Кызыл-Омпол кени Ысык-Көл биосфералык зонасынын аймагына кирип калган.

"Экономика жагынан күмөн жок. Пайдалуу нерсе. Бирок ар кандай сандарды айтып жатышат. Аны долбоор түзүлгөндөн кийин, курулуш иштери жүргүзүлгөндөн кийин, ошол эле Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына сөзсүз түрдө тетиктерди алып келиш керек. Мына, ошолордун чыгымдарынын баарын эске алгандан кийин гана айтууга болот. Ал жерде капиталдык чыгымдар да болот. Эксплуатация иштери жүрүп жатканда да чыгымдар болот, ошолордун баарын эске алгандан кийин өзүн-өзү актоосу канча болорун эсептегенден кийин гана ушунча пайда табат экенбиз деп айтууга болот.

Андан тышкары, Кара-Балтага алып келип жатышат. Аны алып келгенге тоо-кен комбинатты канчалык жаңыртыш керек. Кандай тетиктерди алып келиш керек? ТЭО канча болот, анын баарын айтыш эрте", - деп сөзүн жыйынтыктады геолог.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15667