Былтыр Кумтөрдөн 17,3 тонна алтын казылып, дээрлик баары сатылды
RU

Былтыр Кумтөрдөн 17,3 тонна алтын казылып, дээрлик баары сатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Былтыр Кумтөрдөн 17 тонна 303 килограмм алтын казылып, анын дээрлик баары сатылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Жалпы 15,9 тонна казуу планы коюлганы айтылды.

Маалыматка ылайык, ири алтын кенден өткөн жылы 27 миллиард 959,4 миллион сом салык түшкөн, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,7 пайызга көп. Мындан "Кумтөр голд компани" ишканасы социалдык, айлана-чөйрөнү булгоо, суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү аткарганы айтылды. Ысык-Көл, Нарын облусун өнүктүрүү фонддору сыяктуу уюмдар үчүн да милдеттемелер аткарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14563