Дүкөндүн сатуучусу ур-токмокко алган кишини кечирди
RU

Дүкөндүн сатуучусу ур-токмокко алган кишини кечирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде белгисиз адам тарабынан сабалган сатуучу дооматынан баш тартты. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Эске салсак, ушул жылдын 24-апрелинде саат 19:00 чамасында 6-кичи райондогу дүкөндөрдүн биринде белгисиз адам сатуучуну катуу сабап салган. Окуянын видеосу интернетке тарап, милиция тарабынан коь салган киши кармалган.

Шектүү 1968-жылы туулган орусиялык Г.А.Х. экени такталган. Ур-токмокко алуу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө материалдары Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлгөн. Жабырлануучу дооматтарынан баш тартып, элдешкенине байланыштуу 3-июнда Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен айыпталган Г.А.Х`га карата кылмыш иши токтотулган.

Ишти кыскартуу боюнча адвокаттын өтүнүчү канааттандырылган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо жөнүндө эскертүү түрүндөгү бөгөт чарасына алмаштырылып, токтом күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16729