"АЮ" компаниясынын директору менен кызматкерлерине сот өкүм чыгарды
RU

"АЮ" компаниясынын директору менен кызматкерлерине сот өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"АЮ" компаниясынын директору Тыныбек Исаев жана анын кол алдындагыларга сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Тыныбек Исаев Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери менен акталды. Ал эми "Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо" беренеси менен күнөөлүү деп таап үч жылга эркинен ажыратты. Бирок ага мунапыс колдонулуп жазадан бошотулду.

Андан тышкары Биринчи Май райондук соту "АЮ" компаниясынын кызматкерлери боюнча да өкүм чыгарды. А.А.А., А.Р.Э., И.А.М. "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча күнөөсүз деп табылды. Ал эми "Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү беренеси менен күнөөлүү деп табылып, эки жылдан эркиндигинен ажыратылды. Бул 3 кызматкерге да мунапыс колдонулду.

Ошондой эле М.Т.К., С.Н.С. "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери менен акталды.

*****

2023-жылы "АЮ" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалым болгон. Бул тууралуу президент "Кабар" агенттигине билдирип, ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.

Ал эми "АЮ Холдингдин" негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылып, сырттан камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17194