"Жоголгон уулдарын өлгөнчө күттү". Композитор Бакыт Капаровду уулу эскерди
RU

"Жоголгон уулдарын өлгөнчө күттү". Композитор Бакыт Капаровду уулу эскерди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү композитор, аткаруучу Бакыт Капаров 13-февралда ооруканада каза болгон. Ал таңкы намаздан кийин инсульт алып, оор абалда ооруканага түшүп, эсине келбей калган дейт уулу.

"Атам ооруканага түшөрдөн 3 күн мурда түш көрүптүр. Аны кичи мекенинде жерге берип жатышкан экен. Эртеси күнү эртең мененки намаздан кийин сол колу иштебей баштады, андан кийин бул процесс күчөп, сүйлөй албай баштады. Саат 7де ооруканага жеткирилип, комага түшүп калды. 3 күн бою жатып, эсине келбей үзүлүп кетти. Атам жогорку кан басым менен жүрчү, андан башка саламаттагында көйгөйү жок болчу", - деди ал.

Боламан Капаров композитор Бакыт Капаровдун уулу, учурда студент. Ал Kaktus.kg сайтына атасын эскерип, дээрлик 20 жыл мурда дайынсыз жоголгон бир туугандарын издөө иштери боюнча да айтып берди.

"Атам ооруканага түшөрдөн бир күн мурда сезгенби билбейм, бардык ырларын чогултуп, "Кыргызпатентке" барып патенттен өткөрүп келген. Ал бардык сезимдерин, арманын, күйүтүн ырлары, обондору аркылуу айтып турган", - дейт.

Бакыт Капаровдун 8 жана 6 жаштагы уулдарынын жоголушу

"Атамдын айтуусу боюнча, агаларым жоголгон эмес, аларды атайын эле уурдап кетишкен. Бирок бизде так далилибиз болгон эмес. Окуя болгонго чейин бир туугандарымдын түн уйкусу бузулуп, жаман түштөрдү көрүп, "бизди алып кеткенге келишти" деп чоочушуптур. Атам ким экенин сураса Иманбек менен Исманбек "жаман адамдар" деп айтышчу экен. Атам ага көп маани бербей 2004-жылы Астанага эмгек мигранты болуп кетет. Атам миграцияга кеткенден кийин көп өтпөй эле апам базарга барып келгенче балдар дайынсыз жоголот. Бир туугандарым жоголгондон 1 аптадан кийин атам Бишкекке келип издөө иштери башталган.

Ошондон бери эле, тагыраагы, дээрлик 20 жылдан бери издеп, күтүп келди. Атам "уулдарым эртеби, кечпи келет, баары бир көрөм" деп жашады.

Иманбек менен Исманбекти издеп "Жди меня", "Баурым барсыңбы?" долбоорлоруна чейин барды. Азыркыга чейин биздин жарыя "Жди меня" долбоорунун сайтында турат.

2005-жылдан 2016-жылга чейин ар кандай маалыматтар түшүп жатты. Бул жаатта ата-энеме детективдер, ыктыярчылар чоң жардам беришти. Укук коргоо органдары жарытарлык иш жүргүзбөй, иштеген деле эмес. Көп маалыматты детективдер, ыктыярчылар табышкан.

Казакстанда, Өзбекстанда, Россияда жана башка аймактарда балдардын сөөгү табылды, Иманбек менен Исманбек болушу мүмкүн десе эле жерине барып, ДНК тесттерден өттү. Бирок жыйынтык болгон жок.

Атамдын органдарда тааныштары болуптур. Башкы прокурордун орун басары менен да жакшы тааныш экен. Иманбек менен Исманбек жоголгондон кийин ал жардам берерин айтып, "орган кызматкерлерине тыйын-тыпыр бериш керек" деп алдоо жолу менен 36 миң долларга бааланган турак үйүн ээлеп алган. Алчусун алгандан кийин издөө иштери жүрүп жатат деп калп маалыматтарды берип, кийин таптакыр эле изин жашырган. Атам кийин тиешелүү адамдарга кайрылгандан кийин башкы прокурордун орун басары 2015-жылы кармалган".

Боламан Капаров атасын күчтүү музыкант болчу деп эскерет. Айтымында, атасынын таланттары бардык балдарына өткөн.

"Атамдын айтуусу боюнча Иманбек өтө акылдуу болчу экен. 8 жашында эле 5-класста окуптур, Исманбектин мүнөзү тайманбас болчу деген. Алар дагы чыгармачылыкка жакын болуп, бир долбоорго чогуу ырдап тартылышкан экен. Ошол видеону архивден издеп таба албай жатабыз. Менин музыкалык билимим жок, бирок фортепианодо ойнойм. Карындашым музыкалык билим алат, иним болсо комузда кол ойнотот. Үчөөбүз тең ырдайбыз", - деди.

"Эмгеги бааланбай, сыйлык албай кетти"

Атам чыгармачылыкка эрте аралашып баштаптыр. 3-класста окуп жүргөндө аккордеон алып бергиле дептир. Бирок бул музыкалык аппарат кымбат болгондуктан чоң атам менен чоң апам макул болбой коюшкан экен. Ошондо атам ачкачылык жарыялап, мектепке барбай коюп, акыры аккордеон алдыртыптыр. Эң биринчи обонун 3-классында жазып, мектепте ырдап баштаптыр. Күндөрдүн биринде агайы аккордеонду тээп, жараксыз кылып салыптыр. Ал агай деле келечекте атам белгилүү композитор болорун билбесе керек.

Учурда Бакыт Капаровдун ыр куржунунда 73 чыграмасы бар. 10дон ашууну "Алтын фонддо" сакталып турат.

Атам Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган ырдын обонун жазган. Бирок бизди нааразы кылган жагдай - атамды көчмөндөр оюндарынын аземине чакырбай коюшкан.

Ал сыйлыктын артынан кууп, министрликтен наам сураган эмес. Өзү деле айтчу "менин эмгегимди көзүм өткөндөн кийин" баалашат" деп.

Менин Маданият министрлигине чоң нааразычылыгым бар. Анткени атам жогорку сыйлыктарга татыктуу эмгектерди жасаган, бирок иш жүзүндө сыйланган эмес. Жок дегенде грамота берип деле койсо болмок. Атам өмүрүнүн жарымынан көбүн чыгармачылыкка арнаган.

Боламан Капаров маектин соңунда атасынын чыгармаларын балдары өчүрбөй алып жүрөбүз дейт. Ошондой эле 20 жылдан бери дайынсыз болгон бир туугандарынан кабар келерин, табылат деген үмүттөрү чоң экенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15640