Ички иштер министрлиги ызы-чуу чыгарып, тынчтыкты бузгандарга айып пул салууну сунуштады
RU

Ички иштер министрлиги ызы-чуу чыгарып, тынчтыкты бузгандарга айып пул салууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги калктуу пункттарда же коомдук жайларда ызы-чуу салгандарды айып пул менен жазалоо укугун кеңейте турган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Эмне сунушталууда?

Министрлик ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренесине ылайык жаза колдонуу укугун берүүнү сунуштайт.

Алсак, 82-беренеге ылайык, калктуу пункттарда же коомдук жайлардагы тынчтыкты бузуу жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом өлчөмүндө айып салуу менен жазаланат. Буга чейин ызы-чуу жол берилген деңгээлден ашып кетсе айып пулду Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын кызматкерлери гана сала алчу.

Мыйзам долбоорунун максаты

Ички иштер министрлиги Конституцияда норма бар экенин эскертет: "Коомдук жүрүм-турумдун эрежелерин жана нормаларын сактоо, коомдун кызыкчылыгын сыйлоо ар бир адамдын милдети. Өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу башкалардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбашы керек". Бирок иш жүзүндө бул норма сейрек колдонулуп, адамдар тарабынан укуктарын туура эмес түшүнүүгө алып келүүдө.

Түшүндүрмөдө көп кабаттуу үйдүн батириндеги отуруш же башка учурларда ашыкча ызы-чуу салгандар же курулуш иштериндеги катуу үндөр жанындагы жашоочулардын тынчын алат деп айтылат. Бирок мындай учурда чара көрүүгө ыйгарым укугу бар Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү түн ичинде адамдык жана каржылык ресурстардын жетишсиздигинен жарандардын көптөгөн арыздарына жооп бере алышпайт.

Бул үчүн каражат керек

Мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн ызы-чууну өлчөөчү приборлорду сатып алууга республикалык бюджеттен каржылоо талап кылынат.

Үн өлчөөчү бир аппарат өндүрүүчүгө ишкана жана моделине жараша 280 миң сомдон 380 миң сомго чейин бааланат. Орточо баа 350 миң сомду түзөт.

Башкармалыктын аймактык бөлүмдөрүнө 50 аппарат керек, ал эми ички иштер органдарына 76. Буга жалпысынан республикалык бюджеттен 44,1 миллион сом керектелет.

Министрлик Укук бузуулар кодексинин 82-беренеси ("Калкты ызы-чуудан коргоо жөнүндө талаптарды бузуу") боюнча айып пулдардан түшкөн акчадан ызы-чуунун деңгээлин өлчөөчү аппараттарды алууну сунуштайт.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев курулуш, оңдоо, жүктөө жана түшүрүү жумуштарын жүргүзүүдө, тазалоо иштеринде жана башка жумуштардын түрлөрүн жасоодо ызы-чуу салууга тыюу салган убакытты белгилөөнү сунуштаган. Ага ылайык:

Түнкүсүн

  • иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
  • 31-декабрда саат 22:00дөн 1-январь саат 04:00гө чейинки мезгилди кошпогондо, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин.

Күндүз

  • көп кабаттуу үйлөрдө саат 13:00дөн 14:00гө чейин.

Депутат ызы-чуудан коргоо боюнча мыйзамдын азан айтууга тиешеси жок экенин белгилеген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16322