"Балага сүйүнчү" кайсы учурда берилбей калат? Ата-энелер үчүн маалымат
RU

"Балага сүйүнчү" кайсы учурда берилбей калат? Ата-энелер үчүн маалымат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Балага сүйүнчү" кимдерге берилерин түшүндүрдү.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргыз Республикасында төрөлгөн ар бир балага (толук мамлекеттик камсыздоодо болгон балдардан тышкары) 4000 сомдон берилет. Эгерде үч эм же андан көп бала төрөлсө ар бир балага 50 миң сом төлөнөт.

"Балага сүйүнчү" алуу үчүн арызды Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) жана Жарандык абал актыларын каттоо органдарына берүү керек.

Арызды ким берсе болот?

  • бала менен жашаган ата-энесинин бири;
  • бала менен жашаган камкорчу;
  • бала менен жашаган асырап алган адам;
  • ишеним каттын негизинде ишенимдүү адам.

"Балага сүйүнчү" Кыргыз Республикасында жашап жаткан адамдарга берилет:

  • Кыргыз Республикасынын жарандарына;
  • кайрылман күбөлүгү бар этникалык кыргыздарга;
  • балдары бар үй–бүлөлөргө социалдык жөлөк пулду, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди берүү чөйрөсүндөгү жарандардын кепилденген укуктарды жөнүндө макулдашуунун катышуучу –мамлекеттин чет өлкөлүк жарандарга: Россия, Молдова, Тажикстан, Армения, Украина, Казакстан, Беларусь; Өзбекстан.

"Балага сүйүнчүнү" чектөөдөгү өзгөчө шарттар:

  • "Балага сүйүнчү" үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн баштап алты ай ичинде тапшырылышы керек;
  • Ушул мөөнөттөн кеч кайрылган учурда "Балага сүйүнчү" чегерилбейт.

Керектүү документтердин тизмеси:

  • арыз ээсинин паспорту;
  • арызды камкорчу же ишенимдүү адам тапшырса, анда кошумча документ талап кылынат: Камкорчу үчүн – балага камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү; Ишенимдүү адам үчүн – жарандык мыйзамдарга ылайык таризделген ишеним кат;
  • кайрылмандын күбөлүгүнүн көчүрмөсү (кайрылмандар үчүн);
  • баланын ата-энесинин жашап туруу укугунун көчүрмөсү (чет өлкөлөрдүн жарандар үчүн).

Арыз ээси арызда көрсөтүлгөн маалыматтын тууралыгын текшерип, андан кийин өзүнүн кол коюшу керек.

Акча каражаты арыз берилген күндөн тартып 2 иш күнүндө банктык эсепке түшөт.

Акчаны РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта 6 айдан кеч эмес мөөнөттө алуу зарыл.

Эскертүү: Банкка которулган акча каражаттары алты айдын ичинде алынбаган учурда республикалык бюджеттин эсебине кайтарылат.

Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү шарт, себеби акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13363