Таиландга барган кыргызстандыктар туристтик визаны өлкөгө кирери менен ала алышат
RU

Таиландга барган кыргызстандыктар туристтик визаны өлкөгө кирери менен ала алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 15-июлунан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга киргенден кийин – Королдуктун бардык миграциялык пункттарынан (өткөрмө пункттарынан) туристтик виза ала алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Туристтик визанын баасы 40 долларды түзөт. Виза аталган өлкөдө 15 күнгө чейин калууга мүмкүндүк берет.

"Таиланд кыргызстандыктар үчүн эң популярдуу туристтик багыттардын бири болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык талаптарды алып салуу иштери уланууда", - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16762