Жакпай калган букетти дүкөнгө кайтарып берсе болобу? Юристтин жообу
RU

Жакпай калган букетти дүкөнгө кайтарып берсе болобу? Юристтин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg рекдакциясына окурман кайрылып, белекке тартуулаган букет алуучуга жакпай калса, кайра дүкөнгө кайтарып берсе болобу деген суроо узатты.

"Майрамга карата алынган гүлдү белек ээси жактырбай койсо, аны кайра дүкөнгө кайтарып берсе болобу? Айтайын дегеним, букетке көп акча сарпталган болсо."

Белгилүү болгондой, керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товарды сатылып алынган күндү кошпогондо он төрт күндүн ичинде алмаштырып алууга укуктуу. Эгерде көрсөтүлгөн товар колдонулбаса, аны товардык көрүнүшү, керектелинүүчү касиеттери, пломбалары, фабрикалык жарлыктары, ошондой эле керектөөчүгө сатылган, көрсөтүлгөн товар менен берилген товардык чеги же кассалык чеги сакталган учурда сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товар, анын ичинде мурда колдонулбаган, арзандатылган жана төмөндөтүлгөн баада сатып алынган товарды алмаштырылат.

"Бизде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабаынан 1998-жылы бекитилген токтому бар. Ал жерде кайтарууга жатпаган товарлардын тизмегинде, 13 товардын түрү бекитилген. Бирок, тизмекте гүлдөр жок. Демек, тиешелүү тартип менен сатып алынган гүлдөр болсо, айталы, товардык чеги бар, анда кайтарса болот",- деди юрист Нурислам Раимжанов.

Адистин айтымында, эң негизгиси товар колдонулбаган, товардык көрүнүшү, керектөө касиеттери жана этикеткалары сакталуу болуш керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген кайтарууга жатпаган товарлардын тизмеси:

  • асыл металлдардан, асыл жана жарым асыл таштардан жасалган буюмдар;
  • кепилдик мөөнөтү бар татаал техникалык товарлар;
  • байпактар, мээлей;
  • шейшеп, жаңы төрөлгөн балдар үчүн шейшеп;
  • өлчөнгөн буюмдар: кездемелер, тюль, килем ж.б.;
  • парфюмериялык жана косметикалык буюмдар;
  • синтетикалык жуугучтар (суюктук);
  • тиричилик химия товарлары;
  • канцелярдык буюмдар: сыя, боектор, лактар, майлар ж.б.;
  • фотопленка, фотокагаз, фотореагенттер;
  • жеке гигиеналык буюмдар;
  • эмерек;
  • табигый жүнүнөн жасалган буюмдар.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15570