Депутат баалардын өсүшүнө байланыштуу чиновниктерге Snickers таратууну сунуштады
RU

Депутат баалардын өсүшүнө байланыштуу чиновниктерге Snickers таратууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында Марлен Маматалиев азык-түлүктүн баасына жоопкер болгон чиновниктерди "тормоз" болбоого чакырды. Эл өкүлү ундун баасы кескин түрдө көтөрүлгөнүн айтып, аны жөнгө салуу боюнча Министрлер кабинети деле чара көрбөй жатат деп эсептейт.

"Бир каробка Snickers алып, азык-түлүккө, анын баасына жоопкерчиликтүү болгон министрликке, жетекчиликке таркатып, "Не тормози, сникерсни" деп коюуну сунуш кылам. Анткени, ундун баасынын көтөрүлгөнүнө 3 күн болду. Андан бери эмне иш кылынды? Айыл чарба министрлиги унду экспорттоого тыюу салабыз деди, бирок тыюу салган жок. Материалдык резервдер фонду "ун жетиштүү, запас бар" деди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы чыгып "бир нерсе кылып атабыз" деди. Вице-премьер темир жолдо тыгын болуп жатыптыр деди. Баары дешти, болду", - деди депутат.

Маматалиев бул бир күндө чечилчү маселе дейт. Ал жетекчилерди "тормозить этпей" ыкчам чара көрүүгө чакырды.

"Кымбатчылык чынжыр болуп кетти. Ундун артынан нан кетти, анын артынан кафелердеги тамактардын баасы кымбаттады. Жана башка, жана башка... Кыргызстанда ушундай, доллар көтөрүлсө деле кымбаттай берет", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14497