Бишкектеги көрүстөндөрдүн биринде маркумдарды көмүү токтотулду
RU

Бишкектеги көрүстөндөрдүн биринде маркумдарды көмүү токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан Новопавловка көрүстөнүндө бүгүн, 5-сентябрдан тарта маркумдарды жерге берүү токтотулду. Маалыматты Бишкек мэриясынан кабарлашты.

"Мындай чечим көмүлгөн жерди күтүүгө карата санитардык-экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлү үчүн борбордун корутундуларынын негизинде кабыл алынган", - дешет калаа башкармалыгынан.

Белгиленгендей, маркумдардын сөөгүн коюу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17208