Кыргызстандын 3 элчилигине чет өлкөдөн имараттар сатылып алынат
RU

Кыргызстандын 3 элчилигине чет өлкөдөн имараттар сатылып алынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын чет өлкөдөгү бир катар элчиликтерине имараттар сатылып алынат. Бул туурасында Жогоку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында Алмаз Имангазиев билдирди.

Тышкы иштер министринин орун басары имараттар кайсы мамлекеттерден алынарын тактаган жок.

"Алгач 3 элчиликке имарат сатылып алынат", - деди Имангазиев.

Ушул эле жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулудугу үчүн "кустуризациядан" түшкөн каражаттан имарат сатып алууну суранды. Эл өкүлү имараттын бир жылдык ижара акысы 30 миң долларга чамалай турганын, алдыда баалар өсөрүн айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14543