Садыр Жапаровдун катышуусунда бир күндө эки ГЭС ачылды. Сүрөттөр
RU

Садыр Жапаровдун катышуусунда бир күндө эки ГЭС ачылды. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда эки чакан ГЭСти ачты. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барып, Сузак районундагы "Көк-Арт" чакан ГЭСин ачты.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган "Көк-Арт" чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгат.

Мамлекет башчы бул гидроэлектростанция аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгиледи. Ал ошондой эле бул ГЭСтин кыска убакытта бүтүшүнө Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы чоң болгонун айтты.

Андан соң Садыр Жапаров Токтогул районундагы "Кайнама" чакан ГЭСин ачты. Анын курулушу 2023-жылдын ноябрында башталган. 2024-жылы кубаттуулугу 9,6 МВт болгон эки гидроагрегаты бар гидроэлектростанциянын курулушу аяктады.

Президент өлкөдөгү энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн артыкчылыктуу багыты ГЭСтерди куруу экенин айтты. Бул контекстте Садыр Жапаров бизнесмендерди жана инвесторлорду бул демилгени колдоого жана бул тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

ГЭСтер каскадын курууга 9 млн 307 миң доллар инвестициялык каражат жумшалган. Бул суммага "Raffaisen Landesbank Steiermark" банкынын жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун салымдары бар.

Президент "Кайнаманын" жалпы кубаттуулугу 9,6 МВатты түзүп, жылына 39,2 млн киловат/саат энергияны иштеп чыгарын белгиледи. Бул Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жана Кара-Көл шаарынын бир бөлүгүнүн жашоочуларын электр энергиясы менен камсыздай турганын кошумчалады.

Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкөнүн "Кайнама" чакан ГЭСине окшогон көптөгөн гидроэлектростанцияларды куруу жана ишке киргизүү үчүн потенциалы бар экенине токтолду. Ошондой эле Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлганын белгиледи.

Ушул эле жерде мамлекет башчы жергиликтүү эл менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди, тактап айтканда, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу айылдарда да жүргүзүлүп жатканын айтып өттү. Муну менен жергиликтүү тургундардын жашоо шарты жакшырып, айдоо жерлери сакталып калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16735