Кыргызстанда унаалардын мамлекеттик номерлерине болгон баа арзандады
RU

Кыргызстанда унаалардын мамлекеттик номерлерине болгон баа арзандады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда унаалардын мамлекеттик номерлерине болгон баа арзандады. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

2024-жылдын 18-июлунан тартып мамлекеттик номерлердин топтомунун баасы 1016 сомду (бул мурдагы баага салыштырмалуу 40%га төмөн – 1720 сом) жана дипломатиялык номерлер үчүн 2666 сомду түзөт.

Белгиленгендей, арзандатуу президенттин 2023-жылдын 25-сентябрындагы жарлыгына ылайык, унаалардын мамлекеттик номерлерин даярдоо жана берүү процессин оптималдаштыруунун аркасында мүмкүн болгон.

Ошондой эле жыл башынан бери 1000ден ашуун пенсионер жана майыптыгы бар жарандар мамлекеттик номерлерди бекер алышканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16728