Майыптыгы бар адамдарга спорт залда машыгууга шарт түзүлөт. Мыйзамга кол коюлду
RU

Майыптыгы бар адамдарга спорт залда машыгууга шарт түзүлөт. Мыйзамга кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Майыптуулугу бар жарандарга спорт менен машыгууга шарт түзүүнү караган мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлады.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган мыйзамдын максаты - майыптыгы бар адамдардын дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" мыйзамынын 19-беренеси төмөнкү бөлүктөр менен толукталууда:

  • дене тарбия-спорт уюмдарына, эгерде дене тарбия жана спорт менен алектенүүгө медициналык чектөөлөр жок болсо майыптыгы бар адамдарга спорттук инфратүзүмгө жетүү мүмкүнчүлүгүнөн жана дене тарбия, спорт жаатында кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга тыюу салынат;
  • дене тарбия-спорт уюмдары менчигинин түрүнө карабастан майыптуулугу бар бештен кем эмес адамга спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.

Ушул эле мыйзамдын 35-беренеси:

  • зал, комплекс, бассейн жана башка спорттук инфратүзүм курууда же реконструкциялоодо майыптарга шарт түзүүгө милдеттүү деген ченем менен толукталды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: depositphotos.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16747