Жол кырсыгынан жакындарын жоготкон Аида Касымалиева: Атам эч качан эреже бузган эмес
RU

Жол кырсыгынан жакындарын жоготкон Аида Касымалиева: Атам эч качан эреже бузган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кырсыгынан ата-энесин, сиңди, инилерин жоготкон Аида Касымалиева Facebook баракчасына билдирүү калтырды. Ал аза-кайгысын тең бөлүшкөндөргө рахмат айтып, күнөөлүү тарап жазасын алыш керек деди.

"Алтындарым менин - апам, атам, Бектемирим, Байтурум, Канзатым, Нурзатым менин. Силерди жерге бердик, бир боорлорум ай! Беш баладан төртөөң кеттиң. Байтур түштө үзүлдү. Бойлоруңар узун, акылдуу, көздөрүңөр Мыктыбек акемдикиндей чоң, жылдыздуу, жадырап-жайнаган козуларым менин. Силерди жакшы көрчү элем го! Жыттап-жыттап тойбойт элек. Көлгө чыгардан бир күн мурун Панфилов паркына Байтурду, эгиздер Канзат менен Нурзатты аябай ойноттум эле. Жолдо баратсак шагырап, биз көп элек, биз бактылуу элек. Биз ушунчалык бактылуу элек. Анан эле бактыбызды ажал жулуп кетип калды го. Нурзат мен Америкадан алып келген жашыл футболкасын чечпей уктады эле ошол түнү.

Кайгыбызды тең бөлүшкөн ар бириңиздерге чоң ыраазычылык! Бүгүн мен ушул сөздүн маанисин түшүндүм.

Атоооу, апоооу, бул трагедиянын орду эч качан толбойт, бирок биз сиздерди уят кылбай, кайраттанып жашоого аракеттенебиз. Бейиште болгула.

Бир эле нерсе - атам эч качан эреже бузуп, унааны катуу айдаган эмес. Күнөөлүү адам жазасын толук алып, иш адилет каралышы керек. Башка мындай өлүм болбошу керек", - деп жазды.

Белгилесек, автокырсык 17-июлда болжол менен саат 18:15 чамасында Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолунда (Өрнөк айылы) катталган. Анда Toyota Avensis менен Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшкөн.

Кырсыктан Кыргызстандын БУУдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси - Toyota Avensis унаасынын 68 жаштагы айдоочусу, анын жубайы 68 жаштагы М.Б. жана алардын 9 жаштагы небереси М.К. жеринде көз жумган. Каза болгон бала Касымалиеванын агасы Мыктыбек Касымалиевдин уулу.

18-июлда дагы эки бала ооруканада каза болгон.

19-июлда дагы бир бала ооруканада көз жумган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16709