Жогорку Кеңеш электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун 3 окууда жактырды
RU

Жогорку Кеңеш электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун 3 окууда жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш электрондук тамеки колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева мыйзам кол коюлгандан кийин 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирерин билдирди.

Мыйзам долбоорунун максаты - жаштардын ден соолугун электрондук тамеки колдонуудан коргоо, организмдин өнүгүүсүнүн басаңдашын жана терс адаттарга көнүп кетүүсүн алдын алуу.

Электрондук тамекини пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу:

  • жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн 100 (10 миң сом) өлчөмүндө;
  • юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн 600 (60 миң сом) өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Электрондук сигареттерди сатууга тыюу салуу жөнүндө бузуу:

  • жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө;
  • юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч (65 миң сом) өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Электрондук сигареттерди ташып келүү:

  • 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө (150-200 миң сом) чейинки айыпка же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

Белгилесек, электрондук тамеки чеккендерге 40 миң сом айып пул салуу сунушталып, экинчи окууда 10 миң сомго төмөндөтүлгөн.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: vsezavisimosti.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16461