Кыргызстандык жубайларга Сардинияда ишке орношууга шарт түзүлөт
RU

Кыргызстандык жубайларга Сардинияда ишке орношууга шарт түзүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жарандарына Италиянын Сардиния аралында ишке орношуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашкандай, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору COLDIRETTI SARDEGNA менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койду.

Кызматташуу келишимине ылайык, Сардиния (Италия) аймагына фермердик чарбага үй-бүлөлүк жубайларга басым жасоо менен жумушчулар тартылат.

Тараптардын жолугушуусунда турак жай, мыйзамдуу туруу жана медициналык камсыздандырууну камтыган социалдык пакеттер талкууланды. Андан тышкары иш берүүчүлөр Италияга көчүп барган жумушчуларга италия тилин жана маданиятты окутууга даяр экендиктерин билдирген.

Кызматташуу келишимине кол коюу Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин активдүү колдоосу жана элчи Таалай Базарбаевдин катышуусу менен мүмкүн болду.

Борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев бул макулдашуу эки өлкөнүн мындан аркы кызматташуусу үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16753