Сот Алга Кылычовду 10 жылга эркинен ажыратты
RU

Сот Алга Кылычовду 10 жылга эркинен ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Алга Кылычовду Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, айыпталуучуга карата өкүм чыгарды. Бул туурасында Алга Кылычовдун жактоочусу Жанатбек Гульжигитов редакцияга билдирди.

Айтымында, сот бүгүн, 21-июнда болду.

"Аламүдүн райондук соту Алга Кылычовду Кой-Таш окуясы боюнча 257-берене "Барымтага алуу" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратты. Судья менин, тагыраагы айпыталуучунун жактоочусу катышуусу жок чечим чыгарып салды. Сот 4 жыл болду, анда бир дагы спецназ каршы көрсөтмө берген эмес. Мен сотту кийинкиге калтыруу боюнча өтүнүч келтиргем. Бирок судья буларды эске албай, Кылычовго мамлекеттик адвокат берип, өкүм чыгарып салды", - дейт жактоочу.

Жанатбек Гульжигитов райондук соттун чечимине каршы экенин, жогорку инстанцияга - Чүй облустук сотуна даттанарын кошумчалады.

Эске салсак, 2019-жылы 8-августта Кой-Ташта УКМКнын атайын күчтөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармашкан. Анын тарапташтары Бишкектин борборунда митинг жана баш аламандык уюштурууга аракет кылышкан.

Бирок укук коргоо органдары кырдаалды жөнгө салып, 9-августта экс-президентке Батукаевдин бошотулушу боюнча айып тагылып, эки айга УКМКнын СИЗОсуна камалган. 7-августтан 9-августка чейин баш аламандыкта 136 адам медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылган. Алардын ичинен "Альфанын" кызматкери Үсөн Ниязбеков каза болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов комага түшкөн.

Бул фактылар боюна Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "Барымтага алуу", "Массалык баш аламандык", "Бейбаштык" жана "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16425