Жеке ишкерлерди опузалоого шектелип Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды
RU

Жеке ишкерлерди опузалоого шектелип Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уюушкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жеке ишкерлерди опузалап жүргөн деген шек кармалышты. Алар Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) кылмыштуу тобунун мүчөлөрү экенин УКМКдан билдиришти.

Кылмыштуу топту уюштуруп, аракетинде кылмыштын белгилери байкалып, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү 5-сентябрда колго түшүрүлдү. Кармалгандар 1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил Муратович, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий Викторович, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек Шайлобекович жана 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбек экени такталды.

Жогоруда аталган адамдар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыш иши боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо иштери улантылууда.

Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо УКМКнын 0312640475 ишеним телефонуна кабарлап койсо болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8219