Италияда "Кыргызстан" паркы ачылды
11061
Садыр Жапаровдун Италия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Рим шаарында "Кыргызстан" паркынын салтанаттуу ачылды. Президенттин, администрациясынан билдиришкендей, иш-чара 3-октябрда өттү.
Салтанатка кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуиджи Санна, Муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, ошондой эле Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты.
slide 2 of 6
Парктын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурат, ошондой эле Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын алкагында тараптар Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17567