"Өлкөдөн чыгартып жибериңиз!". Азимбек Бекназаров президентке кайрылды
RU

"Өлкөдөн чыгартып жибериңиз!". Азимбек Бекназаров президентке кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровго СИЗОдон кат жолдоду. Анын кайрылуусун уулу Руслан Бекназаров соцтармакка жарыялады.

Бекназаров УКМК ага банк ячейкалары боюнча негизсиз айыптарды коюп жатканын жазган. Анын айтымында, бул иш буга чейин 2010-жылы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташаевдердин демилгеси менен тергелген.

"УКМК мени 2010-жылдын майында Улуттук Банктан бир миллион долларды расписка менен алып, аны максаттуу иштетпей өзүнө сиңирип алган деп айып койду. 2010-жылдын май айында Улуттук Банктан бир миллион доллар албаганымды 2010-жылы күзүндө ЖКга депутат болуп шайланып (Ата-Журт партиясынан), ушул маселелер боюнча ЖКдан атайын комиссия түздүрүп иликтеткен жана Башкы прокуратура аркылуу текшерткен депутат катары Камчыбек Ташиев экөөңүздөр эң жакшы билесиздер.

Т.Сариев экөөбүздүн ошол акчаны кантип пайдалануу жөнүндөгү жумушчу сүйлөшүүбүздү мыйзамсыз угуп, чет өлкөдө монтаждалып, анан коомчулукка бизди "жашыруун акчаларды бөлүшүп жатат" деп көрсөтүү максатта чыгарылганы 2010-жылы козголгон кылмыш иштин алкагында далилденген. Мен ал иш боюнча жабырлануучу болуп табылгам. Эми 14 жылдан кийин жабырлануучу Бекназаровдон ошол иштен өзүнчө иш токулуп, айыпталуучу болуп жатам", - деп айтылат кайрылууда.

Саясатчы белгилегендей, ал күнөөлүү болсо дагы аны камай алышпайт же кылмыш ишин козгой алышпайт, анткени мыйзамга ылайык бардык иштин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен.

"Бул кайрылууну убагында сиз дагы үй-бүлөңүз, жакындарыңыз менен куугунтукталып, оор күндөрдү өз башыңыздан өткөргөн адам катары азыркы менин үй-бүлөмдү, жакын дос, туугандарымдын абалын түшүнөт го деген үмүт менен жазып жатам.

Эки жылда мен үчүн бир тууган агам, уулум, уулумдун өкүл баласына чейин соттолушту. Ондогон куда, тамыр-сөөк, дос, жакындар сурак кылынды. Үй-бүлөмдө жападан-жалгыз иштеп жаткан эң кенже уулумду "Ташиевдин жеке буйругу" деп өз арызы менен 5 ай мурда жумушунан кетиришти. Мага учурашканы келген бир иним (Жаки палван) Аксыда ошол түнү камакка алынды.

Абактан чыккан үч ай бою УКМКнын, участковый, инспекторлордун "кайтаруусунда" жүрдүм. 3 ай бою үнүмдү чыгарбадым.

Эгерде, Кыргызстандын ынтымагы менен биримдигинин, саясий туруктуулуктун коркунучу менде деп эсептесеңер, анда жасалма иш козготуп тергөөчү, прокурор, сотторду "терге, кама" деп кыйнабай, менин үй-бүлөмдү, жакындарымды, кудаларыма чейин сурак кылып кыйнабай эле өзүмдү өлкөдөн чыгартып жибериңиз!", - деген Бекназаров.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров 12-сентябрда УКМК тарабынан кармалган. Мамкомитеттен белгилешкендей, саясатчы 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17404