Стресс суицидке алып келиши мүмкүн. Өспүрүмдөгү тынчсызданууну таануу жолдору
RU

Стресс суицидке алып келиши мүмкүн. Өспүрүмдөгү тынчсызданууну таануу жолдору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Заманбап коомдо өспүрүмдөрдө тынчсыздануу жана стресс көйгөйү кеңири таралган. Kaktus.media редакциясы стресс эмнеге байланыштуу жана аны менен кантип күрөшсө болору тууралуу психолог Асел Байымбетова менен маек курду.

Адистин айтымында, өспүрүмдөрдөгү стресс жана тынчсыздануунун негизги себептери булар:

  • окуу;
  • үй-бүлөдөгү мамилелер;
  • коомдун басымы;
  • социалдык тармактарды колдонуу.

Асель Байымбетова стресс жана тынчсыздануунун физикалык деңгээлдеги белгилери бул нерселер экенин белгилейт:

  • уйку көйгөйлөрү;
  • чарчоону, алсыздыкты сезүү;
  • ичтин, булчуңдардын, баштын оорушу;
  • тез-тез дем алуу жана жүрөктүн кагышы.

Өспүрүмдү жүрүм-туруму да өзгөрөт. Ашыкча тамактануу же табиттин жоголушу, баарлашуудан качуу, окуудагы жетишкендиктердин начарлашы, агрессия жана кыжырданууну көбүрөөк байкалат. Анын үстүнө балдар спирт ичимдиктерин жана баңги заттарды колдоно башташат.

Мындан тышкары, эмоционалдык чөйрөдө өзгөрүүлөр болушу мүмкүн: тынчыздануу, кабатыр болуу, кайгыруу, көңүлү чөгүү, депрессиялык абал, бардык сабактарга кызыгуусун жоготуу.

"Өспүрүмгө өз убагында жардам көрсөтпөсө, абалы начарлап кетиши мүмкүн: депрессияга батып, тамактануусу бузулуп, өзүнө-өзү зыян келтирип баштайт ( чачын жулуп алуу, денесин кесүү ж.б), өзүн-өзү өлтүрүү учурлары пайда болушу мүмкүн", - деп баса белгилейт психолог.

Үй-бүлөнүн колдоосу баланын өзүнө болгон ишенимин арттырууга жардам берип, тынчсызданууну азайтуу үчүн чоң мааниге ээ болуп саналат. Өспүрүмдөрдүн пикирин урматтоо менен ачык диалог, психологиялык жана физикалык коопсуздук атмосферасын түзүү зарыл.

"Өзүн издеп жүргөн өспүрүмдөр сырткы келбетин, чач жасалгасын өзгөртүшү ыктымал. Алар күзгүнүн жанында көпкө туруп, сырткы келбетине баа беришет, көбүнчө өздөрүн жактырбайт. Кыздар боёнуп көрүшсө, жигиттер спорт менен машыгып, булчуңдарын чыгарууну каалашат. Ата-энелер мунун баарына түшүнүү менен мамиле жасап, ошол эле учурда эрежелерди так аныктоосу менен, мисалы, эмне кылууга болот, эмнеге таптакыр жол берилбейт дегендей. Бул жерде чектөөлөрдүн себептерин сөзсүз негиздөө зарыл, анткени өспүрүмдөр организминдеги физиологиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу, сынга жана баш тартууга өтө сезимтал болушат. Ата-эне баласына акылмандык жана сүйүү көрсөтүшү керек", - дейт Байымбетова.

Өспүрүмгө тынчсыздануу менен күрөшүүгө кантип жардам берсе болот?

Стрессти азайтуу:

  • дем алуу практикасы (денени эс алдырат);
  • спорт (организмдеги чыңалуу азаят, жалпы абал жакшырат).

Ошондой эле көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө сөз кылуу зарыл. Бала алардын айрымдарын өз алдынча, башкаларын – ата-энесинин, досторунун, кесипкөй психологдордун жардамы менен чече алат.

Өспүрүм балдар жана өспүрүмдөр үчүн 111 номуру боюнча жашыруун бекер ишеним телефонуна чалса дагы болот.

"Өспүрүмдөр алардын физикалык жана психикалык абалы туура тамактануу жана сапаттуу уйкудан көз каранды экенин билиши керек. Өспүрүм курагында бала өз убактысын эффективдүү башкара билиши зарыл, бул нерсени ата-эне бала кезинен эле үйрөтүүсү абзел. Баланын жашоосу туруктуу күн тартибине ээ болушу керек. Ошондой эле ата-энелер өздөрүн туруктуу алып жүрүп, балага күчтүү жактарына адекваттуу баа берип, алсыз жактарын өнүктүрүүгө жардам бериши керек. Ошондо бала стресске туш болгондо ата-энесине гана эмес, өзүнө дагы таяна ала тургандай болот", - деп белгилейт адис.

Психологдун айтымында, өспүрүм куракта балдар ар кандай ийримдерге катышып, өздөрүн спортто сынап көрүшөт. Ата-энелер балдарынын хоббилерин жана кызыкчылыктарын түшүнүп, бөлүшүп, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүшү керек. Бала чөйрө ага ылайыктуу эмес экенин түшүнсө да, ата-энелер колдоо көрсөтүп, башка нерсени сынап көрүүнү сунушташы зарыл.

"Эгерде ата-энелер балага барып жаткан ийрими жардам берип, бирок убакыттын өтүшү менен ага болгон мотивациясы жоголгонун байкаса, бала менен ал ийримден алган пайдалар тууралуу талкууласа болот, мисалы, жаңы досторду тапты дегендей. Ал тургай, машыктыруучусу да стресс менен күрөшүүгө жардам бере алат. Бирок эч кандай шартта баланы бардык ийримлерге мажбурлап катыштырбоо керек", - деп эскерет адис.

Кесипкөй жардам

Кээде балдар өздөрү ата-энелеринен психологго жазылууну суранышат. Бул учурда балага квалификациялуу жардам көрсөтүлүшү үчүн ылайыктуу адисти табууга жардам берүү керек. Стресс жана тынчсыздануу учурунда психолог менен бирге эндокринологго да кайрылса болот.

Психологдун айтымында, бала өзү өспүрүм курагын тынч өткөрүп, стресс жана тынчсыздануу менен өз алдынча күрөшүп жатканда, тескерисинче, ата-энелери кырдаалды курчуткан учурлар кездешет. Алар баарын драмалаштырып, баланы сындап, жазалап, ага жаракат келтириши мүмкүн.

"Албетте, өспүрүм курак баланын өзү үчүн да, ата-энелер үчүн да оор мезгил. Балдарды тарбиялоодо ата-энелерпедагогикалык жана психологиялык сабаттуулугун жогорулатуусу керек. Ачык маалыматтар арбын. Эгер алар жетишсиз болсо, кеңеш алуу үчүн психологго кайрыла алышат", - дейт адис.

Эң негизгиси, бала депрессияга түшүп, өзүнө кирип калган абалга жеткирбеш керек. Анткени аны бул абалдан алып чыгуу кыйыныраак болот.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (31 статья)
Баланы бактылуу үй-бүлө кура алгандай кылып тарбиялоо тууралуу
28 Май 2024, 20:52
Интернеттеги коркунучтар тууралуу балдар жана ата-энелер эмнелерди билиши керек
22 Май 2024, 16:24
Башкаларга кызмат кылбашы үчүн өспүрүмгө максат койгонду үйрөтүү жолдору
20 Май 2024, 13:14
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16052