Милиция Ошто окуучу уурдалды деген билдирүү жалган экенин кабарлады
RU

Милиция Ошто окуучу уурдалды деген билдирүү жалган экенин кабарлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы мектептен окуучу бала уурдалды деген маалымат мессенджерлерде тарады. Анда "Олимп" мектебинин 5 же 6-классынын окуучусун кара унаага салып кеткени айтылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымат жалган экенин билдирет.

"WhatsApp аркылуу ушундай билдирүү тарады. Бул жалган, тастыкталбаган маалымат. Буга ишенбеңиздер, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок", - дешет милициядан.

Буга чейин Бишкекте да окуучу уурдалды деген анык эмес билдирүү тараган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17708