Бишкек шаардык сот Аскат Жетигендин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды
RU

Бишкек шаардык сот Аскат Жетигендин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы акын Аскат Жетигенге карата чыккан буга чейинки өкүмдү күчүндө калтырды.

Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенге карата Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, аны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратты.

Эскерте кетсек, Бишкектин Свердлов райондук соту акындын 2021-жылдын мартындагы видео кайрылуусуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу" боюнча өкүм чыгарып, күнөөлүү деп тапкан.

Ал эми 278-берененин 3-бөлүгү ("Массалык башаламандыктарга чакыруу") боюнча актаган.

Жыйынтыгында Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов аны үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17718