Күзүндө жайлуу үй: өзгөчө маанай үчүн мыкты 10 товар
RU

Күзүндө жайлуу үй: өзгөчө маанай үчүн мыкты 10 товар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күз – көбүрөөк убакытты жылуу жана жайлуу үйдө өткөргүңүз келген жылдын эң сонун мезгили. Жумшак жуурканга оронуп алып, жакшы көргөн кружкаңыздан жыпар жыттуу чайды уурттап, саргайган жалбырактардын жерге түшкөнүн же жааган жамгырды карап отурган кандай сонун! Ошондой эле күз бул үйдүн интерьерин жаңылап алуу үчүн да мыкты шылтоо. Эгерде сиз көптөн бери үй текстилдерин сатып алууну же өзгөчө маанайды түзгөндү кыялданып жүрсөңүз, анда муну жасоого убакыт келди!

Үйдө өзгөчө сыйкырдуу күзгү маанайды кантип түзсө болот? Мында сизге декордун элементтери, текстиль, кооз идиш-аяк жана өзгөчө ырым-жырымдар жана иш-аракеттер жардамга келет. Дизайнерлер интерьерди жасалгалап жатканда жөнөкөй чечимдерди карманууну сунушташат, мында табигый материалдардын, кызыктуу түстөрдүн жана текстуралардын жардамы менен ар бир буюмдун өзгөчөлүгүн баса белгилесе болот. Үйдү жасалгалап, күзүндө жакшы убакыт өткөрүү боюнча бир нече кеңештерди чогултуп чыктык. Ал эми бул үчүн бардык товарларды Ozon"дон оңой эле сатып алса болот.

  • Шамдарды күйгүзүңүз. Оттун жылуу илеби жана сүйүктүү жыпар жыт ойдогудай маанайды жаратууга жардам берет. Эгерде кооз жана стилдүү дизайны бар шамды тандасаңыз, ал оңой эле бөлмөгө өзгөчө көрк кошот.
  • Текстилди жаңылап алыңыз. Жаңы пледдер, жаздыктар жана пардалар – үйүңүзгө жаңы маанайды тартуулап, көп акча сарптабастан интерьерди жаңылоонун мыкты ыкмасы. Мүмкүн болушунча ыңгайлуулукту сезүү үчүн жумшак кездемелерди жана жылуу түстөрдү алыңыз.
  • Чай аземин уюштуруп коюңуз. Күзүндө чай кечелери өзгөчө жагымдуу өтөт. Чайдын жакшы көргөн сортторун тандап алып, бал жана лимон кошуп, жакын адамдар менен жагымдуу баарлашуудан ырахат алыңыз. Ал эми идиш катары жаңы чайнекти же бүтүндөй чай топтомун тандап алыңыз, бул сизге кошумча оң эмоцияларды тартуулайт!
  • Китеп бурчун уюштура салыңыз. Күз – китеп окуу үчүн ойдогудай мезгил. Ыңгайлуу кресло жана китеп текчелери бар жайлуу бурчту түзүңүз, бул жерден сиз кечки убакытты жакшы китеп менен өткөрө аласыз.
  • Терезелерди кооздоп чыгыңыз. Терезелериңизге кооз кургатылган гүлдөрдү, жандуу гүлдөрдү жана декорду жайгаштырып, үйүңүзгө өзгөчө көрк кошуңуз.
  • Каминди күйгүзүп коюңуз. Эгерде батирде жашасаңыз, анда биокаминди колдонсоңуз болот, мисалы дубалга, столго же полго орнотулган каминдер бар. Бул – ичи табигый мрамордон жасалган, чыңалган айнек идиш. Атайын идишке биоотун куюлат, ал түтүнсүз күйөт жана жагымсыз жыт чыкпайт. Бул адамдар, жаныбарлар жана айлана-чөйрө үчүн экологиялык жактан зыянсыз жана коопсуз.
  • Үстөлдү кооздоп чыгыңыз. Күзгү кечтер ысык жана ачуу тамактардан ырахат алуу үчүн ойдогудай болот. Жаңы рецепттерден тамак жасап, жарашыктуу идиш-аяк менен маанайыңызды көтөрүп, азыктардын кадыресе даамын өзгөртүү үчүн тамакка кошчу татымалдардын запасын жаңылап алыңыз. Ал эми жайлуу болсун десеңиз, анда табигый материалдардан жасалган салфеткаларды, шам кармагычтарды жана декоративдик фигураларды колдонуп көрүңүз.
  • Жарыктандыруунун жардамы менен үйдү жайлуу кылыңыз. Жумшак, чачыранды жарык болуп турсун десеңиз, бөлмөлөрдүн ар кайсы бурчтарына торшерлерди жана стол чырактарын коюп чыгыңыз.
  • Дубалдарга көңүл буруңуз. Жалпы стилди толуктап, кыйла жайлуу болсун десеңиз, дубалдарга күзгү пейзаж түшүрүлгөн паннону же сүрөттөрдү илип коюңуз. Сиз үй-бүлөңүздүн сүрөттөрүн басып чыгарып, аларды рамкаларга салып, сонун кылып жасалгаласаңыз да болот. Же болсо атайын илмекти да колдонуңуз.
  • Назарыңызды килемге буруңуз. Күзгү мотивдери бар жаңы килемдерде жана килемчелерде отурганга эмне жетсин! Бул жерге үстөл коюп, оюндарды ойноп, шамдын жалынын карап отурсаңыз болот же жакындарыңыз менен баарлашып, китеп окуй аласыз.

Ozon"до 20дан ашык категорияда 370 миллиондон ашык товар бар. Бул платформада сатып-түгөтүү акциялары туруктуу өткөрүлүп турат. Мисалы, ушул тапта "Вау сатып-түгөтүү" акциясы өтүүдө. Баалар күздүн ортосунда мүмкүн болушунча түшөт. Ошол себептен Ozon"го баш багып, үйүңүздүн көрүнүшүн өзгөрткөндөн тышкары, өзүңүздү жана жакындарыңызды да кубандырып коюңуз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17730