Жалал-Абадда 40 жаштагы кишинин өлүмүнө балдызы шектелди
RU

Жалал-Абадда 40 жаштагы кишинин өлүмүнө балдызы шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарында 40 жаштагы кишинин өлүмүнө балдызы шектелүүдө. Маалыматты редакцияга облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын нөөмөт бөлүмүнө 16-октябрда саат 18:40 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда Сузак районунун Таран-Базар айылынын 1984-жылы туулган Р.К. аттуу тургунун бир тууган балдызы бычактап койгондугу кабарланган.

Бул маалымат каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө 1984-жылы туулган Р.К. аттуу кишини 2003-жылы туулган К. кызы Н. (Өзгөндүн тургуну) аттуу балдызы ашкана бычагы менен бир нече жолу сайып жибергендиги маалым болгон. Жаракат алган киши окуя болгон жерде каза болгон.

Окуя боюнча топтолгон материалдар 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, далил буюмдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кылмыш ишине шектүү катары 2003-жылы туулган К. кызы Н. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17720