Муфтияттын call-борборуна жарандар кандай маселе, суроо менен көп кайрылышат?
RU

Муфтияттын call-борборуна жарандар кандай маселе, суроо менен көп кайрылышат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакында эле Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын алдында жарандар менен байланыш call-борбору иштеп баштады. Kaktus.kg редакциясы ал борборго көп узатылган суроолорду тизмектеп берет.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва адиси Равшан ажы Эратовдун айтымында, бир айдын ичинде 4 миңге жакын суроо келген. Ал борборго эң көп узатылган суроолорду атап өттү.

Үй-бүлө маселеси

Үй-бүлө, мурас талашуу, кайнене келин маселеси:

  • "Үй-бүлө институтун сактап калуу аракетин көрүп келем, бирок кайненем кирише берет. Кандай кылганда уруш-жаңжалдын алдын алсам болот?"

Үй-бүлө маселеси боюнча эң көп узатылган суроолордун башында кайнене - келин маселеси турат. Алардын ортосундагы келишпесиктер боюнча суроолор көп дейт кызматкер. Ошондой эле мүлк талашуу боюнча суроолор көп узатылат.

- Атадан калган мурасты талашуу боюнча суроолор менен кайрылышат. Ошондой эле аял менен эркек ажырашып кеткен учурдагы ортодогу мүлк маселеси да бар. Дагы калыңга - махрга берилген нерселерди кайтаруу же кайтарбоо деген суроолор менен кайрылгандар да жок эмес.

Үй-бүлөдөгү басынтуу маселеси да бар. Келиндер үй-бүлөсүндө кыйналгандарын айтып, кайненесине жакпай жаткандарын айтып кайрылышат. Ушул маселелер үй-бүлө жаатында каралып жатат. Бизге суроону бергендер шариятка ыктап жооп алууга аракет кылышат. Мыйзамдык деңгээлде болсо мыйзамдын негизинде маалымат топтоп, жооп бергенге аракет кылабыз. Негизинен мамлекеттик органдарга жолдойбуз. Ал эми шарияттык негизде болсо үй-бүлөдөгү мамилени куруу, кайнене менен келиндин ортосундагы мамилени оңдоп кетүүгө кеп-кеңештерибизди беребиз. Анда диндеги, пайгамбарыбыз айткан кеңештерди айтып кетебиз".

Ажылыкка баруу маселеси

  • "Ажылыкка кимдер барууга милдеттүү жана ажылыктын талаптары кандай?"

- Ажылык боюнча да суроолор көп болду. Себеби, биз эки жума мурун эле ажылыкка старт берүү боюнча маалыматты таратканбыз. Ошол жаңылыкты жарыялагандан кийин ага катталуу боюнча кантип, кайсы жерден катталабыз, эмне деген документтер керектелет, алгачкы суроо канча сом деген маанидеги консультативдик суроолор келди. Биз жарандарыбыз өз убагында катталуусу үчүн маалыматтарды бердик. Себеби, акыркы эки жылдан бери ажылык жандуу каттоо менен жүрүп жатат.

Биринчи банкка төккөн убакыт сааты менен атайын серверге керекке турат. Ошол эсепке алынат. Аны жарандарыбыз да билип калды. Кандай, кантип, кайсы документтерди чогултууга кызыккан жарандарга өз убагында маалымат бере алдык. Бул акыркы мезгилдеги эң көп берилген суроолордун бири болду.

Адал-арам маселеси

  • "Азыктар кандай учурда адал жана кайсыл учурда арам болуп саналат?"

- Андан кийин көп түшкөн суроолордун бири адал, арам маселеси боюнча болду. Бул өзгөчө соода-сатыктагы кошулмалар жөнүндө суроолор. Биздин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы халал бөлүмү иштеп жатат. Ал бөлүмдө кайсыл кошулмалар арам, кайсыл кошулмалар шектүү жана кайсыл кошулмалар шектүү эмес деген суроолор көп түштү.

Намаз, орозо, зекет

  • "Намазды үйрөнүү үчүн расмий имамдардан сабак алса болобу?"
  • "Орозо кимдерге парз жана шарттары кандай? Аял киши үчүн кайсы учурларда уруксаттар бар?"
  • "Зекетти кимдер бериш керек жана зекетти кимдер алууга акылуу?"

- Андан кийинки намаз, орозо, зекет боюнча суроолор - практикалык суроолор десек болот. Булар дайыма берилип келет. Себеби, бул мусулмандарда күнүмдүк суроолор. Мисалы кандай учурда намаз бузулат, даарат алуу маселеси.

Акыркы мезгилде зекет боюнча да көп суроолорду берип жатышат. Бул эми топтолгон мүлктүн кырктан бирин чыгаруу эрежелери боюнча көп суроолор келип жатат.

Соода-сатык

- Андан тышкары соода-сатык маселеси менен чалгандар көп. Анын ичинде шериктештик боюнча көп сурашат.

Насыя алуу

  • "Банктардан ислам принциптери менен каражат же мүлк алуу үчүн алгач кайсыл маалыматтарды билүү зарыл?"

- Ошондой эле ислам принциптеринин негизинде насыя алуу боюнча суроо менен кайрылгандар арбын. Себеби, бул негизде Кыргызстандын аймагында бир канча банк кызмат көрсөтүп жатат. Ушул боюнча кызыккандар күчөп жатат. Насыя алуу, пайыздык насыя, унааны насыяга алса болобу, үйдү насыяга алса болобу, кайсыл банктар бул принциптер менен насыя берип жатат, принциби кандай, толук шартка жооп береби деген суроолор көп.

Негизи ислам принциптери каржылоо деген жалпы түшүнүк бар. Бул жарандарыбыздын өлкө аймагындагы насыя алуу. Бул каржылоо. Муну динде "мурабаха" деп коёт. Биз жарандардын суроосуна ылайык жооп беребиз. Ал насыя алсам болобу деген суроону тактагысы келеби же ушул банктан барып насыя алсам болобу деген суроолоруна жооп берип, бизге тийиштүү болсо биз, болбосо ошол банкка жиберебиз.

Нике. Талак

  • "Кайсыл учурда нике жараксыз деп эсептелет? Ага эмнелер себеп болушу мүмүкүн?"
  • "Жолдошум талак сөзүн көп айтат, бирок жашообуз уланып келет балдар үчүн. Эмне кылсак жана кимге кайрылсак болот?"
  • "Талакты тамашалап айтса дагы түшөт деген чынбы?"
  • "Талакты айтса Алла Тааланын каары келет дейт. Ошол чынбы?"

Негизинен мурункудай айырмаланып жарандардын суроолорунун көбү турмуштук боло баштады. Күнүмдүк көйгөйлөргө байланыштуу суроолор көп болуп жатат.

- Ошондой эле нике, талакка байланыштуу суроолор көп. Мындан улам акыркы мезгилде үй-бүлөдө туруксуздук көп экени байкалып жатат. Себеби, ага экономикалык шарттар кедергисин тийгизип жатат. Ага миграция да себеп болууда. Ошондой эле учурда жаштардын ой жүгүртүүсү өзгөчө болуп жатат. Мурункулар менен азыркылардын ой-жүгүртүүлөрү дал келбейт. Мына ошондон көптөгөн келишпестиктер жаралып, жарандар ошол маалда үйдө отуруп бизге чалышат. Ушул маселелерди чечип алууга шарт түзүлдү десек болот.

Эске салсак, ушул жылдын 27-августунда Муфтият жарандардын суроолоруна жооп берүү үчүн call-борбор ачкан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17679