Көчмөндөр оюндары: Аламан байгеде Кара кыз байгелүү орунду ээледи
RU

Көчмөндөр оюндары: Аламан байгеде Кара кыз байгелүү орунду ээледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында аламан байге боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Кыргызстандын курама командасы коло медалга ээ болуп, Нурэл Элесов чапкан Кара кыз аргымагы (аттын ээси Нурбек Керимбеков, саяпкери Изат Сыргак уулу) 3-орунду ээледи.

Аламанда казакстандын Ай кабак күлүгү биринчи болуп келсе, Жумур туяк экинчи болду.

Ал эми жорго салыш боюнча улуттук курама команда 1 алтын, 1 коло жеңди.

  • 1-орунду Чиксон аргымагы (чабандес Чубак Жайлообек уулу, аттын ээси Жаныбек Карыпбеков, саяпкери Чубак Жайлообек уулу) ээледи.
  • 3-орунду Императрица аргымагы (чабандес Нурэл Иранов, аттын ээси Өмүрбек Бабанов, саяпкери Чубак Жайлообек уулу) ээледи.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17332