Бишкекте "Лексустун" айдоочусу рулга ээ боло албай, 10 жаштагы кызды коюп кетти
RU

Бишкекте "Лексустун" айдоочусу рулга ээ боло албай, 10 жаштагы кызды коюп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жол тандабастын айдоочусу 10 жаштагы кызды сүзүп, жабырлануучу каза болду. Шаардык ички иштер башкармалыгынан айдоочу кармалганын маалымдады.

Кырсык 4-октябрда саат 18:30 чамасында Эртайлак көчөсүндө катталды. Анда 2008-жылы туулган О.А. Lexus 470 унаасы менен баратып рулга ээ боло албай, 10 жаштагы жөө адамды коюп, андан ары бала бакчанын тосмосун сүзгөн.

Бул факты боюнча 312-берене менен кылмыш иши ачылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Унаасы айып короосуна токтотулду. Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат дешти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17578