Жалал-Абадда 15 жаштагы кызга тууганы ыплас аракеттерди жасаганга шектелди
RU

Жалал-Абадда 15 жаштагы кызга тууганы ыплас аракеттерди жасаганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 52 жаштагы киши 15 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасаганга шектелди. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Адыр-1 айылынын 1972-жылы туулган тургуну К.Б. өзүнүн 2009-жылы туулган М.А. аттуу жээнине карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Бул факты 12-октябрь күнү каттоого алынып, ошол эле күнү 158-берене (ыплас аракеттер) кылмыш иши козголгон.

"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.А. аттуу өспүрүм көрсөтмөсүндө 2022-жылдан тарта таякеси Б.К. дене мүчөлөрүнөн кармалап, мас абалда келген учурда мажбурлап эки санынын ортосуна жыныстык кумарын кандырып жүргөндүгүн билдирген. Ал эми Б.К. да көрсөтмө берип, жээни М.А. муктаждыктары үчүн акчалай жардам сурап, ал үчүн өзү эки санынын ортосуна жыныстык кумарын кандырып берүүнү сунуштап, 2023-жылы бир ирет жана 2024-жылдын бир ирет анын эки санынын ортосуна жыныстык кумарын кандыргандыгын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 13-октябда шектүү катары 1972-жылы туулган Б.К. тергөө абагына киргизилди. Ал эми 14-октябрда Ноокен райондук соту тарабынан шектүүнү кармоо мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, эки айга камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17688