"Азырынча тергөө жүрүп жатат". Экс-премьер-министр Абылгазиев СИЗОдо дагы эки ай болот
RU

"Азырынча тергөө жүрүп жатат". Экс-премьер-министр Абылгазиев СИЗОдо дагы эки ай болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы эки айга СИЗОдо камакта болот. Мындай чечимди бүгүн, 19-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Журналисттердин: бул соттук процессти саясий куугунтуктоо деп эсептейсизби, деген суроосуна, Абылгазиев "азырынча тергөө жүрүп жатат", - деп жооп берди.

Эске сала кетсек, ушул күнгө чейин Абылгазиев СИЗОдо камака отурган болчу.

Белгилей кетсек, мурунку премьер-министр Абылгазиев мыйзамсыз баюу фактысы менен айыпталууда, андан тышкары премьер-министр болуп турган кезинде "Кумтөр голд компани" ЖАК боюнча геологиялык чалгындоолорду жүргүзүү жана алтын иштетүүгө кошумча кошумча жерлер берүү токтомуна кол койгон. Алтын кендин жалпы аянты эки эсеге көбөйүп, 26,3 миң гектары түздү. Ага бир нече мөңгү жана коркутун аймагы да кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1006